Жапаров Конституциялык сотко барып, бир нече судьяга сыйлык тапшырды. Сүрөт

Мамлекет башчы Конституцияны жөнгө салуунун саясий-укуктук чөйрөсү түп-тамырынан өзгөртүлгөнүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Конституциялык сотко барып, бир катар судьяларга сыйлык тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Имаратты көрүп чыгуу учурунда Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев мамлекет башчыга сот бийлигинин жогорку органынын иши, сот өндүрүшүнүн процесстери, сот системасын санариптештирүү жана башкалар жөнүндө айтып берген.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров бүгүн Конституциялык сотко барып, бир катар судьяларга сыйлык тапшырды

2 / 4

Имаратты көрүп чыгуу учурунда Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев мамлекет башчыга сот бийлигинин жогорку органынын иши, сот өндүрүшүнүн процесстери, сот системасын санариптештирүү жана башкалар жөнүндө айтып берген

3 / 4

Президент жарандарды кабыл алуу жайында, китепкана фондунда, жыйындар залында болуп, ал жерде конституциялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органынын ишине кошкон салымы үчүн жана Конституция күнүнө байланыштуу кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырган

4 / 4

Жапаров куттуктоо сөзүндө Баш мыйзам канчалаган өзгөрүүлөргө дуушар болгонуна карабастан, өлкөнүн укуктук тутуму 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституциянын пайдубалына таянарын белгилеген

Президент жарандарды кабыл алуу жайында, китепкана фондунда, жыйындар залында болуп, ал жерде конституциялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органынын ишине кошкон салымы үчүн жана Конституция күнүнө байланыштуу кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырган.
Президенттин энчилүү сааты менен төмөнкүлөр сыйланды:
Конституциялык соттун төрагасынын орун басары Карыбек Дүйшеев;
Конституциялык соттун судьясы Мээргүл Бобукеева;
Конституциялык соттун судьясы Жедигер Саалаев;
Конституциялык соттун экс-судьясы Абдиев Курмантай;
Конституциялык соттун экс-судьясы Куанбек Киргизбаев;
Президенттин атынан алкыш жарыяланды:
Конституциялык соттун аппаратынын финансы-чарба бөлүмүнүн башчысы Айзада Бокоевага;
Конституциялык соттун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын начальниги Кубанычбек Алыбаевге;
Конституциялык соттун аппаратынын эл аралык байланыштар жана мыйзамдарды салыштырма талдоо бөлүмүнүн башчысы Каныбек Масалбековго;
Конституциялык соттун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын укуктук жана уюштурууну камсыздоо бөлүмүнүн улук консультанты Уланбек Нурматовго.
Жапаров куттуктоо сөзүндө Баш мыйзам канчалаган өзгөрүүлөргө дуушар болгонуна карабастан, өлкөнүн укуктук тутуму 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституциянын пайдубалына таянарын белгилеген.
Президент Садыр Жапаров
"Конституцияны жөнгө салуунун саясий-укуктук чөйрөсү түп-тамырынан өзгөртүлдү. Башкаруунун президенттик формасына өтүү дагы оңой-олтоң болгон жок, бирок ал демократиялык принциптерден баш тарттык дегенди туюндурбайт. Элдин тандоосу ушундай болду. Башыбыздан кечирген оош-кыйыш жылдардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, өлкөбүздү жоопкерчилик менен башкарууга мезгил жетти", — деген Жапаров.
Ошондой эле ал жаңы Баш мыйзам коомдогу негизги саясий күчтөрдүн кызыкчылыктарын эске алган, талашып-тартышып олтуруп тактыкка жеткен компромистин үзүрү болгонун айткан.
Биримдик, аракет. Жапаров кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады