Ош шаарынын дүкөндөрүнөн мөөнөтү өткөн эки тонна азык аныкталды

Жалпы 82 дүкөн текшерүүгө алынып, анда азык-түлүктүн сактоо мөөнөтү жок экендиги жана айрымдары таңгакталбагандыгы тастыкталды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Ош шаарынын аймагындагы дүкөндөрдө мөөнөтү өтүп кеткен жана талапка жооп бербеген эки тоннадан ашык азык-түлүк аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Гүлжан Жээнбаева билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-майда, эртең менен калаадагы азык-түлүк саткан дүкөндөрдө рейд жүргөн.
"Бүгүн саат 14:00гө карата мөөнөтү өтүп кеткен эки тоннадан ашык азык-түлүк аныкталган. Жалпы 82 дүкөн текшерүүгө алынып, анда азык-түлүктөрдүн сактоо мөөнөтү жок экендиги жана айрымдары таңгакталбагандыгы тастыкталды. Жээнбаева мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк бүгүн кечинде шаардагы таштанды талаасынан жок кылына тургандыгын кошумчалады", — деп жазылат билдирүүдө.
Эске сала кетсек, кечээ, 2-майда, Ош шаарында таттуу токочтон ууланып, жалпы 33 адам ооруканага түшкөн. Аталган рейд 4-май күнү да уланат.
Радио
Сутуева: текшерген жеке клиникалардын көбүнүн лицензиясы жок болуп чыкты