Ар күнү миңдеген кыштак, ондогон шаар бошоп жатат. Фронттон кат

Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы 9-майда белгиленет. Бул майрамга карата Sputnik Кыргызстан агенттиги майдандан жазылган каттарды окурмандарга сунуштайт.
Sputnik
Бул ирет акын Темиркул Үмөталиевдин жазуучу Аалы Токомбаевге жолдогон катын сунуштайбыз. Кат 1944-жылы Фрунзе шаарына жөнөтүлгөн. Аны биз Борбордук мамлекеттик архивден таап чыктык. Аны фронттогу жоокер кагазга эмес кичинекей картонго жазып, ичиндеги болгон күйүтүн батырганга аракет кылган.
Каттын орфографиясы ошол боюнча сакталды.
Кагылайын Аалыке! Жоомартты укканыма 5 күн болду. Көзүм караят, жүрөгүм ысыйт. Ыйлай берип көзүмүн жашы түгөндү. Кызыл армиянын даңктуу жеңиштеринин күнү. Ар күнү миңдеген кыштак, ондогон шаар бошоп жатат. Эл кубанып жүрөт. Мен болсом нес кишиче кубанууну да, же ыйлоону да билбей басып жүрөм.
Акыркы чоң жеңишти баарыбыз чогу көрсөк жакшы болот эле. Ойлогондой болбойт экен да. Колдон келер эч арга жок. Жоомарттын эмнеден каза тапканын эч ким жазбайт, Аалыке. Эмне болду? Саламат болуңуз. Темиркул.
Акын Темиркул Үмөталиевдин жазуучу Аалы Токомбаевге жолдогон каты
Эске сала кетсек, Жоомарт Бөкөнбаев согуштан келип 1944-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында жол кырсыгынан каза болгон. Акын 34 жашта эле болгон.
Ал жылдары Аалы Токомбаев Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын төрагасы, "Советтик Кыргызстан" журналынын башкы редактору болгондуктан фронттогу көптөгөн акын, жазуучулар өз каттарын ага жолдоп турушкан.
Мыкаачы душмандардан көп шаарлар бошоду. Казакбаевдин фронттон жазган каты