Зат алмашуу бузулат. Чипсынын ден соолукка тийгизген терс таасири

Аталган азыкта трансмайлар көп. Ал канда жаман холестериндин деңгээлин көтөрүп, жүрөк-кан тамыр системасына коркунуч алып келиши ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Нутрициолог Екатерина Ганорская чипсы көп жеген адамдын организминде кандай өзгөрүүлөр болорун санап берди. Адистин кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.
Дарыгердин айтымында, аталган азыкта трансмайлар көп. Ал канда жаман холестериндин деңгээлин көтөрүп, жүрөк-кан тамыр системасына коркунуч алып келиши ыктымал.
"Күндө майлуу, рафинаддалган тамак колдонуу ичеги-карын ооруларын шарттап, организмден витаминдерди айдайт. Ошондой эле зат алмашуу бузулуп, чач түшө баштайт", — деген нутрициолог.
Дарыгер чипсыны үй шартында майы жок жасап жесе болорун жана ал ден соолукка анчалык зыян эмес экенин белгилеген.
Адис: көп сакталуучу азык баланын бардык органын талкалайт