БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Май майрамдары организм үчүн чоң сыноо. Андыктан тамакты тарта жеп, көбүрөөк суюктук ичүүгө аракет кылыш керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине берген маегинде нутрициолог Елена Свиридова айтты.
"Май майрамдары узакка созулгандыктан, башка учурларга караганда организмге эки эсе оор тиет. Дос-туугандардын үйүндөгү дүйүм тамак, жаратылыш койнундагы шиш кебек ашказанды кыйнап койбосун десеңиз, бардыгынан аз-аздан жеңиз. Жөн гана үй кожоюндарынын көңүлү үчүн же ушул тамакты жеш керек деген ойдо ашыкча тоюп алган туура эмес", — деди адис.
Нутрициолог адам күнүмдүк турмушта анчалык тамакка муктаж эмес экенин эске салды.
"Жөнөкөй күндөрдө адам иштейт, окуйт, башка нерселер менен алек болот дагы дасторконго ачка болгондо гана отурат. Андыктан тамакты майрам күндөрү дагы ошол эле көлөмдөн ашырбоого аракет кылыш керек", — деди Свиридова.
Ошондой эле адис эс алуу күндөрү экенине карабай мурдагыдай көлөмдө суу ичип, көбүрөөк кыймылда болуу зарылдыгын кошумчалады.