Дарыгер: тез арыктагандар кайра дароо толуп кетиши ыктымал

Уезбаев салмак таштайм деген адам иштөө жана эс алуу режимин сакташы керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кээ бирлер жай мезгилине карата экстремалдуу диетага отурат. Сырттан караганда арыкташы мүмкүн, бирок организм стресске кабылып калат. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине курган маегинде билдирди.
Медик тез арыктаган адам кайра бат толуп кетиши ыктымал экенин белгилеген.
"Углевод, белокторду бир мезгилде эле таптакыр токтотуп салууга болбойт. Организм аз-аздан камсыз болуп турушу керек. Алардын ордун зайтун майы, омега-3 өңдүү пайдалуу майлар менен алмаштырып алса болот. Жашылча-жемиштер абдан пайдалуу. Салмак таштоо үчүн мүнөздөп тамактанууда камырды азайтып, анын ордуна акшакты колдонуу да сунушталат. Муну менен катар көбүрөөк кыймылдап, майды тер менен кетирүү керек. Май баскан булчуңдардын ордун эт менен толтуруу зарыл. Көптөрү бир күн кечке ачка жүрөт да, кечинде бардык норманы бир жеп алат. Бул да туура эмес", — деген адис.
Уезбаев салмак таштайм деген адам иштөө жана эс алуу режимин сакташы керектигин белгилеп, кечки саат 10:00дө уйку гормону бышып турган убакта уктоо пайдалуу экенин кошумчалаган.
Дарыгердин маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Майын сордурткан адамга семирбейт деп кепилдик бербейбиз. Хирургдардын маеги