Россиялык космонавттар Жеңиш туусун ачык космоско алып чыгышты. Видео

Космонавттар ачык космосто 7 сааттан ашык убакыт болушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Россиянын космонавттары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш туусунун копиясын ачык космоско чыгарышты. Бул тууралуу "Известия" жазды.
29-апрелге караган түнү болгон окуяны Роскосмос мекемесинин сайты түз алып көрсөткөн.
Космонавттар Олег Артемьев менен Денис Матвеев тууну "Наука" көп функционалдуу лабораториялык модулунда Жеңиш майрамын утурлай алып чыгышкан.
"Энергия" ракеталык-космостук корпорациясынын машинадан тышкаркы иштер бөлүмүнүн жетектөөчү инженери Дмитрий Ахмеровдун түз эфир учурунда айтканына караганда, космонавттар ачык космосто жети сааттан ашык убакыт болушкан.
Эске салсак, 9-майда Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата Москванын Кызыл аянтында аскердик парад болот. Өткөн кечте алгачкы түнкү машыгуу болду. Келеркиси 4-майда, генералдык репетиция 7-майда өткөрүлөт.
Гитлердин өз жанын кыйганы боюнча жаңы архивдик документтер жарыяланды