"Манас айылы" кандай өзгөрөт? Реконструкциядан кийинки жана учурдагы көрүнүшү

Долбоорго ылайык, үч кабаттуу боз үй, "Манас" театры жана "Манас" музейин куруу пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн "Манас айылы" этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча долбоор менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров бүгүн "Манас айылы" этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча долбоор менен таанышты

2 / 4

Долбоорго ылайык, "Манас айылынын" аймагы үч гектардан сегиз гектарга чейин кеңейтилет

3 / 4

Ар кандай жыйындарды, курултайларды жана башка иш-чараларды өткөрүү үчүн залдарды камтыган үч кабаттуу боз үй куруу пландалууда

4 / 4

Ошондой эле комплекстин аймагына "Манас" театры менен "Манас" музейин жайгаштыруу каралган

Долбоорго ылайык, "Манас айылынын" аймагы үч гектардан сегиз гектарга чейин кеңейтилет. Ар кандай жыйындарды, курултайларды жана башка иш-чараларды өткөрүү үчүн залдарды камтыган үч кабаттуу боз үй куруу пландалууда. Ошондой эле комплекстин аймагына "Манас" театры менен "Манас" музейин жайгаштыруу каралган.
1 / 3

Мындан тышкары, комплекстин коноктору үчүн улуттук каада-салттарга, ырым-жырымдарга ылайык этномаданий иш-чаралар өткөрүлмөкчү

2 / 3

Президент архитекторлорго кайрылып, бул иштерди аткарууда ар тараптан ойлонуштурулуп кылдат мамиле жасоонун зарылдыгын белгилеген

3 / 3

Аны менен катар курулуш иштерин тез арада баштоону буйруган

Мындан тышкары, комплекстин коноктору үчүн улуттук каада-салттарга, ырым-жырымдарга ылайык этномаданий иш-чаралар өткөрүлмөкчү.
Президент архитекторлорго кайрылып, бул иштерди аткарууда ар тараптан ойлонуштурулуп кылдат мамиле жасоонун зарылдыгын белгилеген. Аны менен катар курулуш иштерин тез арада баштоону буйруган.
Ошондой эле комплексти стандартка ылайык сапаттуу куруу жана келгендерге ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилгени айтылды.
"Манас айылынын" жери эмне үчүн алынып жатканы айтылды