Бишкекте кыргыз-казак өкмөттөр аралык жыйыны өттү. Талкууланган маселелер

Акылбек Жапаров эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилесинде оң динамика байкалганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин 10-жыйынына катышты.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, анда соода-экномикалык, суу-энергетикалык, айыл чарба жана айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы маселелер талкууланды.
Акылбек Жапаров эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилесинде оң динамика байкалганын билдирген.
"2021-жылдын жыйынтыгы боюнча соода жүгүртүүнүн көлөмү 35 пайызга өсүп, бир миллиард долларды түздү. Биз келечекте бул көлөмдү эки миллиард долларга жеткирүүнү ниет кылып жатабыз", — деди ал.
Жапаров Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин да расмий сапар менен келиши күтүлүп жатканын белгилеп, өкмөттөр аралык 10-жыйын эки тараптуу кызматташууну илгерилетүүгө олуттуу салым кошо турганына ишенерин айтты.
"Акылбек Жапаров кыргыз-казак чек арасына индустриалдык соода-логистикалык борбор куруу боюнча долбоорду активдештирүү маселесин дагы көтөрдү", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Алихан Смаилов буга чейин эки өлкөнүн башчылары соода-жүгүртүүнү бир миллиард долларга жеткирүү боюнча кабыл алган келишимдери ишке ашканын белгилеген.
"Бүгүн кабыл алынган чечимдер биздин мамлекеттердин өнүгүшүнө жана кызматташуусуна салым кошот деп ишенем", — деген ал.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Нур-Султанга "Манас" эпосундагы баатырлардын эстеликтери, ал эми Бишкекке казак акыны Абай Кунанбаевдин эстелиги орнотула турганы кошумчаланды.
Нур-Султанда Кыргызстандын элчилигинин жаңы имаратын куруу маселеси талкууланды