Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев Sputnik Кыргызстан редакциясына маек курду.
— Ашыкча салмакка кабылгандардын көбөйүшүнүн негизги себеби эмнеде?
— Бул өткөн кылымдын 50-60-жылдарынан бери келе жаткан көйгөй. Айрым учурда семирүү эпидемиясы деп да атап коюшат. Чоң шаарлардын пайда болушу менен урбанизация маселеси да келип чыккан. Башкача айтканда, технология өнүгүп, унаалар чыгып, жашоого жеңил шарттар түзүлүп, көп кабаттуу имараттарга лифт орнотула баштады. Мунун баары кыймыл-аракетти азайтат. Анан да семирүүнүн негизги себеби — бул энергетикалык дисбаланс. Мында тамактын калориялуулугу организмдин энергияга муктаждыгынан ашып кетет. Дүйнө жүзү боюнча жогорку калориялуу тамак-аш менен тамактануу, көп жумуштарды отуруп, кыймылсыз иштөө жана урбанизациянын күчөшүнө байланыштуу кыймылдын азайышы сыяктуу тенденциялар байкалууда.
Сагынбек Уезбаев: семирүүнүн негизги себеби — бул энергетикалык дисбаланс. Мында тамактын калориялуулугу организмдин энергияга муктаждыгынан ашып кетет
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Адам улам салмак кошуп кете берсе кайра мурунку калыбына такыр келе албай калышы да мүмкүн. Денени нормада кармоо үчүн атайын формула бар. Ал дене салмагынын индекси деп аталат. Мисалы, адамдын боюнун узундугу 160 сантиметр болсо, аны 160ка көбөйтүп, андан чыккан сумманы салмагына бөлүп коёт. Эгер дене салмагынын индекси 25тен 30ка чейин болсо, ашыкча салмак болуп эсептелинет. Муну тез арада калыбына келтирүү керек. Ал эми 30дан ашып кетсе ал семирүүнүн биринчи даражасына кирет. Бул оору. Анткени организм кыйналып баштайт. Бир килограмм салмак 100 миллилитр кандын айлануусун мажбурлайт. Денеде бир эле килограмм ашыкча болсо, жүрөккө ошончолук күч келет. Ал эми он килограммга бир литр кан айланышы керек, ага да кан тамырлар керектелет. Кээ бир адистер ар бир килограммга 1,5 километр кан тамыр пайда болорун айтышат. Салмак кошулганда организм баарына кан, азык жеткирүү керек деп түшүнөт да болгон күчүн ошого жумшайт. Андан тышкары сөөктөргө, муундарга оордук келет.
— Ашыкча салмак да өз ара бөлүнөрүн айтышат.
— Ашыкча салмак гипертрофиялык (майдын салмагынын көбөйүшү) жана гиперпластикалык (май клеткаларынын көбөйүшү) болуп бөлүнөт. Май клеткалары адамдын терисинин алдында. Бул организмди ар кандай сырткы таасирлерден коргойт. Эгер май калыңдаса, анча деле коркунуч жаралбайт. Бирок адамдын ички органдарын май басып кеткени өтө кооптуу. Анткени бул учурда ички органдардын бири да калбай жабыркайт. Май басып кетүүнүн себептери көп. Биринчиден, ашыкча тамактануу жана ошол тамак менен келген энергияны сыртка сарптабай, кыймылдын жоктугунан болот. Тамак жегенден кийин аны организмде жөн калтырбаш керек. Экинчиден, иштөө жана эс алуу режимин сактабайбыз. Мында көбүнчө уйку режиминин бузулушу да роль ойнойт. Саат кечки 10:00дө уйку гормону бышып, гүлдөп турган убакта уктоо пайдалуу. Ошол учурда уйку гормону менен биргеликте соматотропин гормону иштелип чыгат. Ал биздин денебиздеги ашыкча майлардын эришине түрткү берет. Түнү менен ошону иштетип азыктанат. Убагында уктабасак же кечкисин тамакты көп жеп алсак, ал ичтеги майларды эмес, сырттан келген майларды коротуу менен гана алек болот.
Гормоналдык оорулар, дары-дармектер да тез салмак кошууга алып келет.
— Ушул учурда жай мезгилине карата көбү диета кармашат. Мүнөздөп тамактануунун түрлөрү тууралуу айтып берсеңиз?
— Диета — бул тамак-аштын түрлөрүн чектөө. Ар бир адам индивидуалдуу адис менен кеңешип диетага отурушу керек. Туура эмес мүнөздөп ичүү да салмак кошот. Кээ бирлер жай мезгилине карата экстремалдуу диетага отурат. Сырттан караганда арыкташы мүмкүн, бирок организм стресске кабылып калат. Андан кийин кайра дароо толуп кетүүсү мүмкүн. Углевод, белокторду бир мезгилде эле таптакыр токтотуп салууга болбойт. Организм аз-аздан камсыз болуп турушу керек. Алардын ордун зайтун майы, омега-3 өңдүү пайдалуу майлар менен алмаштырып алса болот. Жашылча-жемиштер абдан пайдалуу. Салмак таштоо үчүн мүнөздөп тамактанууда камырды азайтып, анын ордуна акшакты колдонуу да сунушталат. Муну менен катар көбүрөөк кыймылдап, майды тер менен кетирүү керек. Май баскан булчуңдардын ордун эт менен толтуруу зарыл. Көптөрү бир күн кечке ачка жүрөт да, кечинде бардык норманы бир жеп алат. Бул да туура эмес. Ашыкча салмак режимден да көз каранды болот. Дене салмагынын индексинин жогорулашы инфекциялык эмес оорулардын негизги себептеринин бири болуп саналат.
— Арыктатуучу дары-дармектерди колдонуу жардам береби?
— Бул эми зат алмашууну тездетет. Аны менен бирге ашыкча калориялар коройт. Зат алмашууга кириптер болгондон кийин, демек, гормоналдык жактан да сокку болушу мүмкүн. Атайын адистердин кеңешин алып, дары-дармек боюнча департаменттин уруксаты менен сатылгандарды гана колдонуу керек. Туура эмес ичип алса, терс эффект бериши мүмкүн. Ошондуктан салмак таштоого дары ичүүнү сунуштабайт элем.
Сагынбек Уезбаев: диета — бул тамак-аштын түрлөрүн чектөө. Ар бир адам индивидуалдуу адис менен кеңешип диетага отурушу керек. Туура эмес мүнөздөп ичүү да салмак кошот
— Балдар арасында да ашыкча салмак менен жабыркагандар көп кездеше баштады...
— Бул көп тамак жегенден эле негизи. Балага да тамакты чектеп жегенди кичинесинен үйрөтүү керек. Ар бир ата-эне баласынын порциясын билет. Нанды да көзөмөлдөп туруу керек. Дагы бир көйгөй — таттуулар. Столдо конфет, шоколаддан мурун сабиз, бадыраң, алма өңдүү жашылчалардын болгону жакшы. Салмак бойго дал келиши зарыл.
Акыркы учурда балдар телефонго алаксып, ары-бери чуркап ойнобойт. Бир жерде эле телефон чукуп отура берет. Бул да туура эмес, ары-бери чуркап муундарды жана иммунитетти бекемдеген оң.
Күнүмдүк рациондон май, шекерди алып салуу менен тамактын калориясын азайтып, жашылча-жемишти жана кыймылды көбөйтүп ашыкча салмактын алдын алса болот.
— Толуп кетүүдөн улам кандай ооруларга кабылуу мүмкүн?
— Ашыкча салмактын кесепетинен өлүмдүн негизги себеби болгон жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети, муундардын оорусу, кээ бир онкологиялык оорулар келип чыгат. Мында ар бир клеткага кычкылтек жеткириш үчүн организм толугу менен иштеп, жыйынтыгында жүрөккө жана башка органдарга күч келет. Ошондуктан толук адамдар эрте картаят. Себеби 40-50 жашында ар кандай өнөкөт оорулар пайда болуп, организм чарчап калат. Толук адамдын органдары өзүнүн курагынан 15-20 жылга эрте картаят. Мисалы, 20 жаштагы жигиттин организми 35 жаштагы адамдын органындай иштеп коёт. Ал эми 40 жаштагы кишинин организми 60-70 жаштагы адамдыкындай болуп калат. Ошондуктан кээде "жаш эле каза болуп калды" деп таң калабыз.
Бир орунда жылбай иштеген кызматкерлердин жетекчилери да кол астындагылар үчүн спорттук мелдештерди уюштуруп, жумушта бир маал көнүгүү жасатууга шарт түзүп берсе жакшы болмок.