Мааракесин өткөрүүдөн баш тартып... Бексултан Жакиевдин сүрөттө калган элеси

Мындан бир жыл мурун белгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев акыркы сапарга узатылган. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар калемгерди сүрөттөгү ирмемдери менен эскерет.
Sputnik
Бексултан Жакиев Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, андан соң Москвадагы киносценарийчилердин эки жылдык жогорку курсун аяктаган.
Эмгек жолун "Кыргызфильм" киностудиясында баштап, кийин Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинде, Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун катчысы, КР президентинин мамлекеттик кеңешчиси, "Манас-1000" мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору, КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы болгон.
КРдин Баатыры коомчулукка "Атанын тагдыры" аттуу драмасы менен таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган.
Жакиевдин "Миң кыял", "Алтын аяк", "Өкүм", "Эртең – жаңы жыл", "Жолугушуу", "Күттүргөн жаз да келер", "Саадак какты", "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", "Жаза" жана башка драмалары бар. Мындан тышкары, бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана азыркыга чейин чет өлкөлөрдөгү театрларда коюлуп келет.
Драматург, кинодраматург өткөн жылы 85 жаш курагында дүйнө салып 26-апрелде жерге берилген.
1 / 12

Драматург 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында жарык дүйнөгө келген

2 / 12

Студенттик күндөр. Солдон оңду көздөй экинчи катарда экинчи болуп турган Бексултан Жакиев.

3 / 12

КРдин эл артисти, кинооператор Кадыржан Кыдыралиев, режиссер Лилия Турусбекова, Кыргыз эл жазуучу Бексултан Жакиев жана режиссер Геннадий Базаров. Фрунзе шаары, 1974-жыл

4 / 12

Киночулардын жыйыны. Кинодраматург Мар Байжиев менен Бексултан Жакиев, 80-жылдар.

5 / 12

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, улуу манасчы Жусуп Мамай, жазуучу Бексултан Жакиев жана Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова. Бишкек шаары, 1995-жыл.

6 / 12

Кинорежиссер Төлөмүш Океев жана драматург Бексултан Жакиев айылдаштары менен

7 / 12

Байбичеси Жумаш Өмүрова жана кызы Азиза Океева менен турган белгилүү режиссер Төлөмүш Океев, Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев жана КРдин эл жазуучусу, драматург Мар Байжиев

8 / 12

Жакиев 1994-жылдан тарта Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык боюнча комитеттин төрагасы болуп иштеген

9 / 12

Драматург 2016-жылы өзүнүн 80 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүүдөн баш тарткан.

10 / 12

Бексултан Жакиевдин 2000-2003-жылдардагы аракети менен кыргыздын манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылган.

11 / 12

Бексултан Жакиев жубайы Сабира Турсункулова экөө 65 жылдай бирге түтүн булатып, эки уул, бир кызды тарбиялап чоңойткон

12 / 12

Залкар инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 86 жашка толмок.

Тема боюнча:
Көпүрө куруп, темир жол салган кыргыздар. Өндүрүш жанданган тарыхый ирмемдер
Улуттук университетти СССРдин мыкты окуу жайына айланткан. Кайып Оторбаевди эскерүү
36 жашында СССРдин эл артисти болгон. Болот Миңжылкыевдин сүрөттө калган элеси
"Ак кеме", "Бөрү зынданды" камерага түшүргөн Манас Мусаев 80 жашта. Сүрөттөр