"Ала-Арча" көрүстөнүндө акын Зайырбек Ажыматовдун кабыр ташы коюлат

Ажыматов эки жыл мурун 44 жашында көз жумган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. 29-апрелде "Ала-Арча" көрүстөнүндө маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын Зайырбек Ажыматовдун мүрзөсүнө эстелик коюлуп, эскерилет. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Иш-чара саат 11:00гө белгиленген.
Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 28-апрелде 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Акын 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Ошол эле жылы эмгек жолун "Асаба" гезитинен баштаган. Андан кийин "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. Соңку жылдары "Азаттык" радиосунда эмгектенип жүргөн.
Акындын "Жалгыздык", "Мелмил", "Нөлү көп жылдар", "Жүрөктөгү бороон" аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн. Анын ырларына обончу-композиторлор обон жаратып, эл арасында белгилүү болуп ырдалып калды.
Кыргыз элине Элмирбек жетишпегендей... Акындын кабыр ташы орнотулду. Видео