БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстанда казинолор ачылып калса өзүбүздүн жарандардын кирбешине мамлекет 100 пайыз кепилдик берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген магинде билдирди.
Журналист ага "казинолор ачылса чет элдиктер гана кирет дегенге коомчулуктун бир бөлүгү ишенбей жатат. Бул жагын кантебиз?" деген суроо берди.
"Ал мыйзам карала элек. Эгер өтүп калып мыйзам ишке кирсе, он беш-жыйырма казинону көзөмөлдөй албасак, анда эмне деген мамлекетпиз? Биздин жарандар басып кире алышпайт. Анткени казино ээси лицензияны мамлекеттен бери дегенде эле бир миллион же бир жарым миллион долларга сатып алат. Эгер кыргыз жаранын ойнотуп жатып кармалса, ал казино лицензиясынан ажырайт деген норма бар. Ошол үчүн казино ээсине кыргыз жаранын киргизүү коркунучтуу", — деди Жапаров.
Андан тышкары, президент бардык жагынан УКМК менен ИИМдин кызматкерлери көзөмөлгө аларын кошумчалады.
"Казиного кирген жарандарыбызды кармаса жоопко тартат. Биздин жарандар кирбесине мамлекет 100 пайыз кепилдик берет. Малайзияда казино бар. Өз жарандары кирбейт. Аларда да мыйзам ушундай", — деди өлкө башчы.
Белгилей кетсек, Экономика жана коммерция министрлиги өлкөдө кумарканаларды ачууга уруксат берүүнү демилгелеп, коомдук талкууга чыгарган.
Бул боюнча пикирин билдирген министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүү максатында ушундай кадам жасалып жатканын айткан. Анткен менен коомдо мындай демилгеге нааразы болгондор бар.