Кыргызстанда Россиянын Донбасс жөнүндө кинолорун көрсөтүүгө кайра тыюу салынды

Маселе буга чейин Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Россиянын Донбасс тууралуу тасмаларын Кыргызстандын аймагында көрсөтүүгө кайрадан тыюу салынды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, Россиянын "Гармония" маданий борбору өлкө аймагында "Время правды" кинофестивалын өткөрүүнү пландап, 2019-жылы тартылган "Донбасс. Окраина", "Ополченочка", "Солнцепек" тасмаларын көрсөтүүгө уруксат алуу үчүн "Кыргызтасмасы" мамлекеттик борборуна кайрылган.
"Аталган тасмаларды көрсөтүү маселеси "Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеофильмдерди жүгүртүүнүн эрежеси жөнүндө" токтомго ылайык каралды. Соңку мезгилдеги эл аралык окуяларга байланыштуу "Кыргызтасмасы" мамлекеттик борбору бул фильмдерге берген күбөлүгүн кайра чакыртып, өлкөдө көрсөтүлүшүнө тыюу салат", — деп жазган Жаманкулов.
Эскерте кетсек, бул маселе 21-апрель күнү Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутат Марлен Маматалиев тасмалардын көрсөтүлбөй калышын сындаган. Суроого жооп берип жаткан маданият министри фильмдерге уруксат берилгенин айткан болчу.
Asia Mall соода борборунда Донбасс боюнча тасмалар көрсөтүлбөй турган болду