Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинада көз жумган жоокер Исламжондун сөөгү Өзгөндө жерге берилди. Сүрөт

Аскердин сөөгү Россиянын Канттагы авиабазасына алып келинип, андан ары тик учак менен жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Украинадагы атайын операция учурунда курман болгон теги кыргызстандык Исламжон Камиловдун сөөгү кичи мекенинде жерге берилди.
Аскердин сөөгү Россиянын Канттагы авиабазасына алып келинип, андан ары тик учак менен Ош облусунун Өзгөн районуна жеткирилген.
1 / 4

Украинадагы атайын операция учурунда курман болгон теги кыргызстандык Исламжон Камиловдун сөөгү кичи мекенинде жерге берилди

2 / 4

Аскердин сөөгү Россиянын Канттагы авиабазасына алып келинип, андан ары тик учак менен Ош облусунун Өзгөн районуна жеткирилген

3 / 4

Маркумдун тажиясы бүгүн, 23-апрелде, Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дыйкан айылында өттү

4 / 4

Атасы Ибрагимжон Камбаровдун айтымында, Исламжон Белгород шаарында Мотоаткычтар бригадасында кызмат өтөгөн. Өткөн жылы эмгек өргүүгө чыкканда айылына келип бир ай жүрүп, 23-декабрда кайра кеткен.

Маркумдун тажиясы бүгүн, 23-апрелде, Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дыйкан айылында өттү. Сөөгүн жерге берүүгө Россиянын жана Кыргызстандын аскер кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жакындары катышты.
Исламжон Камилов 5-апрель күнү Луганск Элдик Республикасында снаряд жарылып көз жумганы кабарланган. Ал тогуз күндөн кийин 20 жашка чыкмак.
Камилов мектепти бүткөндөн кийин Самара облусуна барып, 2020-жылдын июнь айында Россия жарандыгын алган. Ошол эле жылы күзүндө армияга кеткен. Мөөнөтү бүткөндөн кийин келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн.
Атасы Ибрагимжон Камбаровдун айтымында, Исламжон Белгород шаарында Мотоаткычтар бригадасында кызмат өтөгөн. Өткөн жылы эмгек өргүүгө чыкканда айылына келип бир ай жүрүп, 23-декабрда кайра кеткен.
Үч бир туугандын улуусу болчу, иниси 18, карындашы 12 жашта. Ата-энеси учурда Кара-Дыйкан айылында жашайт.
Белгилей кетсек, Украинадагы атайын операция учурунда буга чейин теги кыргызстандык Эгемберди Дорбоев менен Рустам Зарифулин каза таап, сөөктөрү мекенинде жерге берилген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жалгыз уулубуз эле... Украинада курман болгон Зарифулиндин атасы видеодо