БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Росавиация авиакомпанияларга GPS навигациялык системасы өчүрүлүшү мүмкүн экендигин айтып, ага даяр болууну эскерткенин РИА Новости башка ЖМКларга шилтеме кылып жазды.
"Россиянын авиабийлиги ташуучуларды GPS системасы жок учууга даярданууну айтты", — деп айтылат маалыматта басылма.
Бул боюнча катты аталган ведомство жетекчиси Дмитрий Ядров Аба каттамдарын уюштуруу боюнча мамлекеттик корпорациянын жетекчиси Игорь Моисеенко менен агенттиктин аймак аралык башкармалыгынын жетекчилерине жибергени айтылды.
"Аба каттамдарын уюштуруу боюнча мамлекеттик корпорацияларга GPS өчүрүлсө учактардын экипажына көмөк көрсөтүү, ал эми пилотторго навигация системасындагы аномалия туурасында диспетчерге дароо кабар берүү тапшырылды. Авиакомпаниялар учуучу курамды мындай кооптуулуктун алдын алууга даярдашы керек", — деп жазылган маалыматта.
Анда GPS өчүрүлгөндө пилоттор салттуу болуп калган навигациялык каражаттардын жардамы менен учактын абалын көзөмөлгө алууга жөндөмдүү болушу шарт экени белгиленген.
Буга чейин АКШ салган санкциялардын алкагында Россияны GPS навигациялык системасынан ажыратуу каралып жатканы кабарланган. "Роскосмос" мамлекеттик корпорациясынын жетекчиси Дмитрий Рогозин Россияны навигациялык системадан өчүрүп салуу техникалык жактан кыйын болорун, бирок муну менен катар эле улуттук ГЛОНАСС навигациялык билдирүүлөрдүн глобалдык тактыгын камсыз кыла тургандыгын айткан.