Сасык тумоо болбойсуң. Окумуштуулар банандын пайдасын айтып берди

Банандын курамындагы лектин вируска каршы касиетке ээ, ал эми андагы крахмал ичеги-карындын микрофлорасын жакшыртат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Илимий изилдөөнүн көбү банан иммундук системага оң таасир эте турганын көрсөттү. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
Бананды күнүгө жеп туруу сасык тумоону алдын алат. Анын курамындагы лектин вируска каршы касиетке ээ экени белгиленет.
Ошондой эле банандагы крахмал ичеги-карын рагынан оолак кылат. Анткени крахмал ичегинин микрофлорасын жакшыртып, зат алмашууну тездетет.
Окумуштуулар бананды өзгөчө спорт менен алектенгендерге сунуштайт. Ал машыгуудан кийин ооруксунтуу, сезгенүү деген сыяктуу нерселерди жеңилдетет.
Диетолог: арыктайм дегендер суу, көк чай, айран ичиши керек