Кыргызстан менен Азербайжан стратегиялык өнөктөшкө айланды

Өлкө лидерлери стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларациядан тышкары мамлекеттер аралык кеңеш түзүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, өлкө башчы учурда Азербайжанда расмий сапары менен жүрөт.
1 / 2

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту

2 / 2

Өлкө лидерлери стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларациядан тышкары мамлекеттер аралык кеңеш түзүү жөнүндө меморандумга жана бир катар документтерге кол коюлду

Өлкө лидерлери стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларациядан тышкары мамлекеттер аралык кеңеш түзүү жөнүндө меморандумга жана бир катар документтерге кол коюлду:
Кыргызстандын министрлер кабинети менен Азербайжандын өкмөтүнүн ортосундагы аба катнашы жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Азербайжандын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
Кыргызстандын Финансы министрлиги менен Азербайжандын Финансы министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Азербайжандын Санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрлигинин ортосунда Байланыш жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө меморандум;
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен Азербайжандын Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жана керектөө рыногун көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
Кыргызстандын министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги менен Азербайжандын Интеллектуалдык менчик агенттигинин ортосундагы интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
Кыргызстандын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Азербайжандын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
Кыргызстандын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен "Азербайжан телекөрсөтүү жана радиоуктуруу" Жабык акционердик коомунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу.
Ардак кароол, тизилген аткаминерлер. Жапаров менен Алиевдин жолуккан сүрөттөрү