Россия Финляндия менен Швеция НАТОго кирсе кесепети кандай болорун эскертти

Соңку кезде Финляндия менен Швеция көп жылдык нейтралдуулуктан баш тартып НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеп кыла баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Россия Швеция менен Финляндиянын НАТОго кирүү ыктымалдыгы боюнча так позициясын билдирди. Бул тууралуу ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
"Брюссель АКШнын калкасында аталган мамлекеттерди өзүнүн структурасына алда качан эле тартып келген. Мында жаңы эч нерсе жок. Эгер алар ушул жолду тандаса, анда Европадагы геосаясат өзгөрөт", — деди ал "Россия 24" телеканалынын эфиринде.
Захарованын айтымында, Москванын бул маселе боюнча пикири Стокгольм менен Хельсинкиге эл алдында дагы, эки тараптуу каналдар боюнча дагы жеткирилди.
"Аларга мындай кадам эмнеге алып барары боюнча маалымат берилди. Ошондуктан кийин эч нерсеге таң кала алышпайт", — деди ал.
Финляндия менен Швеция көп жылдык нейтралдуулуктан баш тартып, НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеп кыла баштады. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг бул мамлекеттер аскердик блокко кирүүнү кааласа НАТО аларды тез кабыл алууну камсыздай турганын билдирген. АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Жулиан Смиттин айтымында, уюм Швеция менен Финляндия жакынкы айларда же жумада альянска кирүү боюнча өз алдынча чечим чыгарат деп күтүүдө. Ал Кошмо Штаттар бул мамлекеттердин НАТОго кошулуу чечимин колдой турганын кошумчалаган.
Россия эки өлкөнүн НАТОго кошулушун колдобойт. РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эгер бул нерсе ишке ашып кете турган болсо, чек араны бекемдөөгө туура келерин айткан. Себеби альянстын Россия менен болгон кургактагы чек арасы эки эсе узаргандыктан Москва НАТОнун агрессивдүү аракеттерине даяр турушу керек болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Алаксытуу амалыбы? АКШ менен Польша Калининграддын жанында машыгуу өткөрүүдө