Кандай учурда бала анемия болуп төрөлөт? Дарыгердин жообу

Медик анемия тубаса дарт эмес экенин белгилеп, аны дарыласа боло турганын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери, гематолог Тимур Нарбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине бала кандай учурда анемия болуп төрөлөрүн айтып берди.
Дарыгер белгилегендей, биринчи кезекте аялда темир жетишпесе, бала анемия болуп төрөлөт.
"Кыргызстанда темир жетишпестиги биринчи орунда турат. Бала төрөөдө эне аралыкты сактоо керек. Эки жыл сайын эле төрөй берсе организмде керектүү заттар азаят. Аял кош бойлуулукка даярданып, жалпы кан анализинен гемоглобиндин деңгээли жогору болушу шарт. Гинеколог кош бойлуу аялга темир жана башка витаминдерди ичүүнү сунушташы керек. Эненин ден соолугу чың болсо, бала да сак-саламат төрөлөт", — деген Нарбеков.
Медик анемия тубаса дарт эмес экенин белгилеп, аны дарыласа боло турганын кошумчалаган.
Гематологдун маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Баланы тажатпаган спорт ийримин кантип тандоо керек? Машыктыруучунун кеңеши