Султанбекова: 19-майда Ошто Азия чемпионаты болмок, өкмөт каражат бербей жатат

Эл өкүлү бюджетке киргизилген каражат убагында бөлүнбөй жатканына нааразы болду.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова министрлер кабинети спорттук иш-чараларды өткөрүүгө каражат бербей жатканын айтып чыкты.
Эл өкүлү акча бөлүнбөгөндүктөн 17-апрелде өтчү Баяман Эркинбаевдин элесине арналган эл аралык турнирди өткөрө албай калганын белгиледи. Ал эми 19-майда Ош шаарында боло турган күрөш боюнча Азия чемпионатына да акча алиге чейин бөлүнө элек.
"Бул чемпионатка 27 мамлекет катышат. Ага да акча бөлүнгөн жок, өкмөттүн токтому чыга элек. Сүйлөгөндүн оозу, ыйлагандын көзү жаман болуп жатат. Болбосо өкмөт "бул жылы эч кандай мелдештерди өткөрбөгүлө, баарынан баш тарталы, мынчанчы жылдан баштап спортчуларга акча бөлөбүз" деп айтып койсун. Мамлекетибиздин туусу башка өлкөдө көтөрүлсө баарыбыз өзүбүздү аябай пиар кылабыз. Азыр бардык федерациялар акча жок деп отурушат", — деди Султанбекова.
Ошондой эле ал бюджетке киргизилген каражатты алуу мүмкүн болбой жатканын айтып, андан ашыкча сурабаганын белгиледи.
Айсулуу, Акжол, Жоламан... Монголиядагы Азия чемпионатына барчулардын тизмеси