Эрлан Абдылдаев Тажикстанга элчи болду

Абдылдаев 2012-2018-жылдары ТИМ башчысы болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, Абдылдаев 2012-2018-жылдары ТИМ башчысы болгон.
Буга чейин Тажикстанда элчилик кызматты Жаныш Рустенбеков аркалап келген. Президент аны кызматтан февралдын башында бошоткон.
"Кыргыз алтын" компаниясынын төрагасы болуп Жарасул Абдураимов дайындалды