Үй-бүлөнү пландаштырууда жубайлар эмнеге маани бериш керек? Адистин кеңеши

Үй-бүлөнү пландаштырууга аял кишинин ден соолугу, таза үй-бүлө жана дени сак наристени жарык дүйнөгө алып келүү кирет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Айжаркын Эгембердиева Sputnik Кыргызстан агенттигине үй-бүлөнү пландаштырып, балалуу болордогу маанилүү учурларды тизмектеп берди.
Анын айтымында, үй-бүлөнү пландаштырууга аял кишинин ден соолугу, таза үй-бүлө жана дени сак наристени жарык дүйнөгө алып келүү кирет. Ошол себептен аял боюна бүткөнгө чейин эле ден соолугун чыңдап алышы керек.
"Аял кишинин ден соолугу төрөт менен аборттон көз каранды. Мисалы, бойдон алдыруу кандай жол менен жасалып жаткандыгы да маанилүү. Эгер бойдон алдырууда аялдын жыныс органдары жабыркаса, кийин тукумсуздукка кабылып калышы ыктымал. Ошол себептен аборт жасатпаганга аракет кылуу керек. Азыр вирустук оорулар кооптуу. Ал өнөкөткө айланып кетип, жыныстык жана башка органдарды да жабыркатышы мүмкүн. Бул акыры өлүмгө чейин алып келет. Мисалы, гепатит оорусу жыныстык жол менен аялга жугуп, андан балага өтүп кетиши мүмкүн. Алгач боор жабыркайт. Өкүнүчтүүсү, кош бойлуу аял ооруп калса күнөөсү жок наристе да жабыркайт", — деген адис.
Адис эркектер да ден соолугуна кам көрүшү керектигин айтып, тукумсуздук тукум куубай турганы, бул адамдын түздөн-түз жүрүм-туруму менен байланыштуу экенин белгилеген.
Айжаркын Эгембердиеванын маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Радио
Абидетегин: ата-эне бала тарбиялоодо жоопкерчиликти ала албай жатат