Францияда президенттик шайлоонун биринчи туру өттү. Алдыда кимдер келе жатат?

Эгер биринчи турда талапкерлердин бири дагы көпчүлүктүн добушун ала албаса (50 пайыз+бир добуш), анда шайлоонун экинчи туру өткөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Францияда президенттик шайлоонун биринчи туру өтүп, бюллетендердин 95 пайызы эсептелип бүттү.
РИА Новостинин маалыматына ылайык, өлкөнүн учурдагы президенти Эммануэль Макрон добуштардын 27,41 пайызын алып, азырынча алдыда. Экинчи орунда добуштардын 24,03 пайызын алып Марин Ле Пен келе жатат. Ал эми "Непокорившаяся Франция" сол партиясынын башчысы Жан-Люк Меланшон добуштардын 21,57 пайызы менен үчүнчүдө.
Эгер биринчи турда талапкерлердин бири дагы көпчүлүктүн добушун ала албаса (50 пайыз+бир добуш), анда шайлоонун экинчи туру өткөрүлөт. Ал 24-апрелге белгиленген.
Сердар Бердымухамедов шайлоо участогуна "Жигули" менен келди. Видео