Садыр Жапаров элди жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушууга чакырды

Жолугушуулардын графиги президенттин Telegram-каналына жарыяланды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров элди жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушууга чакырып, маселелерди чечип алууну сунуштады.
Мамлекет башчынын кайрылуусу социалдык баракчасына жарыяланды.

"Урматтуу кыргызстандыктар, 11-апрелден баштап бардык район, шаарларда жергиликтүү бийлик башчылары менен жолугушуулар өтөт. Жерине барып көйгөйлүү маселеңерди чечип алсаңар болот", — деп жазган Жапаров.

Президенттин облустардагы өкүлдөрүнүн жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин эл менен жолугушуу графиги президенттин Telegram-каналына жарыяланды.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Жапаров ЖККУ миссиясы менен Казакстанга барган кыргыз аскерлерин сыйлады