Министрликтен казинону ким кайсы аймакта ача аларын айтып беришти

Казиного келген киши. Архивдик сүрөт
Оюн-зоок жайларын ачып иштетүү үчүн лицензия 10 жылга берилмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Азыркы мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөндөй, эгер резервге сала турган каражаты болсо, бардык мыйзам талаптарына жооп берсе Кыргызстанда иштеп жаткан ишкерлер өлкөнүн бардык аймагында оюн-зоок жайларын ача алышат. Бул туурасында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын лицензия, уруксат берүү бөлүмүнүн башчысы Эркин Насиров айтты.
"Андан тышкары, резидент эместер, башка мамлекеттердин компаниялары болобу, жарандары болобу, Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, ошондой кийин гана бизден лицензия алып иштей алышат. Бул мыйзам долбоору боюнча Кыргызстандын бардык аймагында оюн-зоок жайларын ачууга болот. Ошондой эле букмекердик, тотализатордук жайларга да ушундай талаптар коюлат. Андан тышкары, Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, талап кылынган бардык документтерди тапшырышат", — деди Насиров.
Аткаминер лицензиянын баасы министрлер кабинети тарабынан бекитилерин жана мөөнөтү канча убакытка чейин болорун айтты.
"Бекитилген бааны төлөшөт, андан тышкары, оюн-зоок жайлары үчүн тиешелүү жабдуулар анын ээсинин атында болушу зарыл. Ал эми оюн автоматтары ойнотула турган жайларда да жабдуулар ээсинин атында же ижарада турганы боюнча тастыктоочу документтердин болушу зарыл. Лицензия мыйзам долбоору боюнча 10 жылга берилет", — деди ал.
Белгилей кетсек, Экономика жана коммерция министрлиги өлкөдө кумарканаларды ачууга уруксат берүүнү демилгелеп, коомдук талкууга чыгарган.
Бул боюнча пикирин билдирген министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүү максатында ушундай кадамга барып жатышканын айткан.
Казинодогу рулетка. Архив
Өкмөт казино ачууну кайрадан демилгелеп, аны шашылыш кабыл алууну сунуштады