Күздө 75 жашка толмок... Марат Алышпаевдин сүрөттө калган ирмемдери

КРдин эл артисти, белгилүү кино жана театр актеру Марат Алышпаев акка моюн сунду. Sputnik Кыргызстан агенттиги чыгармачыл инсандын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Марат Алышпаев 1947-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында туулган. Мектепти 1965-жылы аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетине тапшырган. 2-курста окуп жүргөн кезинде ал окуу жайга Москвадагы театралдык институттун мугалимдери жаштар арасында сынак өткөрүп, Алышпаев андан өтүп кетип Москвага жол тарткан. Ал жогорку окуу жайды 27 жашында бүтүп, эмгек жолун Ош шаардык драма театрында баштайт. Сахнада дүйнөлүк классикадагы Гамлет, король Лирден баштап, кыргыз элинин бир топ чыгармаларында 100гө жакын образ жараткан. Киночулардын 20дан ашык тасмасында тартылган.
Андан сырткары, таланттуу актер Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук куудулдар театрын негиздеп, 2003-жылы Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору, Маданият жана маалымат министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору кызматтарын аркалаган.
Залкар актер 4-апрелде дүйнө салды. Жыл соңунда 75 жашка толмок.
1 / 15
Народный артист КР, известный актер театра и кино Марат Алышпаев на сцене театра
2 / 15
Народный артист КР, известный актер театра и кино Марат Алышпаев и актриса Жамиля Сыдыкбаева
3 / 15

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти театрда 100гө жакын образ жараткан

4 / 15

Тергөөчүнүн ролун аткарган Гүлсара Ажыбекова менен соттолуучунун образындагы Марат Алышпаев иш маалында

5 / 15

Бакы Өмүралиев сахналаштырган "Жаңырык" чыгармасы, Зелениндин ролун аткарган Марат Алышпаев, Арапбаеванын ролунда Назира Мамбетова

6 / 15

КРдин эл артисти "Король Лир" пьесасында Глостердин ролунда, 1998-жыл

7 / 15

Драматург Фридрих Дюрренматтын комедиясын аткарган актёрлор

8 / 15

Марат Алышпаев сахнада Чыңгыз хандын образында

9 / 15

Актёр Марат Алышпаев, режиссёр Бакыт Мукул жана жаш киночу Дастан Жапар уулу

10 / 15

Марат Алышпаев чыгармачылык жолунда бир топ кинематографисттер менен иштешкен

11 / 15

Залкар актёр Советбек Жумадылов көз жумганда Марат Алышпаевди анын ордун баса турган актёр деп эсептешкен

12 / 15

"Акыркы көч" тасмасында актёр башкы ролдо

13 / 15

"Президент жана бомж" тасмасында актёр өлкө башчысынын ролунда

14 / 15

КРдин эл артисти кыздары Нази жана Диана менен

15 / 15

КР эл артисти Марат Алышпаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Таланттуу инсан 4-апрелде дүйнө салды.

Тема боюнча:
87 жашка толмок. Кыргыздын кыйындарынын бири Байжиевдин сүрөттө калган ирмемдери
Таланттуу ырчы, ай жаркын айым. Дарика Жалгасынованын сүрөттөгү ирмемдери
16 жашында театрдын босогосун аттаган. Сабира Күмүшалиеванын сүрөттөрү