Шайлообек Атазов парламентке келип ант берди

Эл өкүлү ант берген учурдан тартып кызматка расмий түрдө киришет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Свердлов округунан шайланган депутат Шайлообек Атазов бүгүн парламентке келип ант берди.
Мыйзам боюнча мандат алган эл өкүлү ант берген учурдан тартып кызматка расмий түрдө киришет.
Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Свердлов шайлоо округунан утуп чыккан Абдурахманхажи Муртазалиевди добуш сатып алууга айыптап, алган добушун жокко чыгарган. Талапкер бул чечимге макул болбой Жогорку Сотко чейин даттанып, утулуп калган.
Мындан улам мыйзамга ылайык, экинчи орунда турган талапкер Шайлообек Атазовго мандат берилген.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Шаирбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырбайт