Кардиолог ышкындын жүрөккө абдан пайдалуу экенин айтты

Дарыгердин пикиринде, ышкын боорго, калкан бездерге жана мээге оң таасирин тийгизет. Андан тышкары, А, В, С, Е жана К витаминдерине бай.
Sputnik
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Түркиялык кардиолог жана терапевт Канан Каратай ышкынды дүйнөдөгү эң пайдалуу азык деп эсептейт. Адистин пикиринде, бул өсүмдүк кандагы кантты жана кан басымды көзөмөлдөөгө жардам берип, Альцгеймер оорусун алдын алат.
Ышкын
Дарыгердин пикирине таянып Р-Спорт басылмасынын жазганына караганда, ышкын боорго, калкан безге жана мээге да оң таасирин тийгизет.
"Эгер аны жумурткага аралаштырып жесеңер, ого бетер пайдалуу болуп калат. Тагыраагы, мындай аралашма антиоксиданттарга жана витаминдерге бай", — деди адис.
Ышкындын дагы кандай пайдасы бар:
А, В, С, Е жана К витаминдерине бай;
иммундук системаны бекемдейт;
тамак сиңирүү системасын жакшыртат;
терини калыбына келтирет.
Баса, ышкындан көптөгөн дары-дармектер жасалары маалым.
Окумуштуулар узак жашагандардын тамактануу сырын билди