БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында "Россиядан билим алуу — 2022" аттуу россиялык окуу жайлардын көргөзмөсү ачылды. Анда Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Уфа жана башка шаарлардагы 30дан ашык университет тууралуу маалымат берилет.
Иш-чара Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, КР Билим берүү министрлигинин, Бишкек мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгынын жана Касымалы Баялинов атындагы китепкананын колдоосу менен "Москва классиктери" коомдук фонду тарабынан уюштурулду.
Көргөзмө 6-7-апрель күндөрү саат 10:00дөн 17:00гө чейин иштейт. Абитуриенттер окууга тапшыруу программасы, окуу шарттары жана өзүнүн билим деңгээлин текшерүү үчүн бекер тестирлөөдөн өтүү тууралуу маалымат ала алышат.
Быйыл Кыргызстанда россиялык окуу жайлардын көргөзмөсү 10-ирет өткөрүлүп жатканын Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефедов билдирди. Анын айтымында, кыргызстандыктардын Россиядан билим алуусуна квота 500гө чейин жогорулады.
Быйыл Кыргызстанда россиялык окуу жайлардын көргөзмөсү 10-ирет өткөрүлүп жатканын Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефедов билдирди
Нефедов квотанын саны гана эмес тандоо шарты дагы өзгөргөнүн белгиледи. Тагыраагы, эгер мурда каттоо январь айында башталса, 2021-жылдан тарта сентябрда жүргүзүлө баштады. Абитуриенттерге мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо сунушталды.
7-8-апрель күндөрү көргөзмө Кант шаарында уланып (№4 мктеп-гимназия, Абраимов, 1), саат 10:30дан 17:00гө чейин иштейт.
9-апрелде иш-чара Кочкор менен Нарында (Хан-Тенгри отелинин конференция залы) саат 14:00дөн 17:00гө чейин өтөт.
Мындан тышкары, Бишкекте, Токмокто, Шопоковдо жана Кара-Балтада абитуриенттер менен жолугушуу өтүп, аларга консультация берилет.
Көргөзмөнүн алкагындагы бардык иш-чаралар бекер.