БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бүгүн кечки саат 18:30да видеоконференция форматында Centerra Gold компаниясы менен келишим токтотулат. Бул тууралуу Садыр Жапаров социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйынында билдирди.
"Түгөлбай Казаков агайыбыз "Кумтөр" боюнча айтып кетти. Бүгүн саат 18:30да түз эфирде видеоконференция аркылуу кол коюшабыз. Бүгүн аяктадык ишин, эч кандай соттошуусу жок, тынч ажырашып жатабыз. Албетте, биздин пайдабызга чечилип жатат", — деди президент.
Жапаров Кумтөрдөн сырткары башка дагы 30 кенди жүз пайыз мамлекеттин пайдасына иштетүү каралып жатканын айтты.
Буга чейин кечки саат 18:30да Садыр Жапаров элине маанилүү кайрылуу жасай турганы белгилүү болгон. Кайрылуу КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.
Эске салсак, 2021-жылы 17-майда Кумтөр алтын кенине тышкы башкаруу киргизилген.