Кытай экономикасы —дүйнөдөгү ири экономикалардын бири. Юань дүйнөлүк финансы системасында долларга атаандаштык жарата алабы? Дмитрий Ермаковдун макаласы РИА Новостиге жарыяланды.
Бир юань — бир жол
Москва менен Пекин 2019-жылы эле өз ара эсептешүүдө доллардан баш тартууну чечишкен. Анда бул болгону максат эле: Кытай банктары америкалык валютадан арылган эмес. Ошентсе да электрондук төлөм системасы боюнча макулдашууга алгачкы кадамдар жасалган болчу.
Бүгүн Кытай ТИМинде Россия менен сооданы рублге же юанга өткөрүү маселеси кайрадан көтөрүлдү. Кеп азырынча энергоресурстар тууралуу гана болуп жатат. Кытай ушул эле стратегияны Түштүк-Чыгыш Азия жана араб өлкөлөрүндө жүргүзүүдө. Мисалы, Вашингтондун саясатына нааразы болгон Сауд Аравиясы долларды "кара саз" деп атап келет. Мындан улам Эр-Рияд менен Пекин эсептешчү валютаны алмаштырууну талкуулап жатышат дейт "Тайхэ" аналитикалык борборунун улук илимий кызматкери Ван Цзайбан. Бул сүйлөшүү тууралуу The Wall Street Journal гезити да жазган.
Россия менен Беларустун насыялык уюмдары да батыш валютасынан оолактоону ойлонуп жатышат. Кытайдын аймагында операция жүргүзүүгө лицензия алган жалгыз россиялык ВТБ банкы "Альфа банк" менен биргеликте россиялыктарга юань менен эсеп ачууну сунуштоодо. ВТБнын кытай валютасы менен мартта эле 960 миллион рублге чейин финансы операцияларын жүргүзгөн. Бул февралдагы көрсөткүчтөн 21 эсеге көп.
Центробанк акыркы жылдары алтын менен кытай юанынын үлүшүн резервдин жарымын жапкыдай көлөмдө көбөйткөнүн эске салды. Беларустун валюта биржасы юань менен операция жүргүзүүнү баштаганын жар салып, алгачкы соода жүрдү.
Бешинчи орун
Юанды илгерилетүү оюн Кытай он жыл мурун эле билдирген. Айрым ийгиликтерге да жетти. Бирок кытай аналитиктеринин айтымында, Батыштын санкциялары да, Украинадагы атайын операциянын кесепети да валюта рыногундагы дүйнөлүк ыраатты алмаштыра албайт. Ренминби (элдик акча, кытай валюта бирдигинин расмий аталышы) Кытайдын финансы структураларын түп-тамырынан бери реформалоо гана ийгиликке жетет. Бул тууралуу South China Morning Post жазды.
Антсе да океандын ары жагындагылар Пекиндин аракетине чочуңкурап абай салып турат. АКШнын Федералдык резерв системасынын төрагасы Жером Пауэлл Украинадагы окуялар Кытайдын "финансы траекториясын өзгөртүп" жибериши ыктымал экенин билдирди. Пекин дүйнөлүк акча системасынан оолак болууга басым жасап келсе, эми учурдан пайдаланып юандын экспансиясын баштап жибериши толук мүмкүн.
Мындай жүрөкзаадалыкка негиз бар. Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, дүйнөлүк борбордук банктар юань менен 319 миллиард долларга барабар сумманы кармап турушат. Глобалдуу экономиканы айтсак, анча деле көп эмес: жалпы резервдин 2,5 пайызы юань менен сакталуу. Салыштыруу үчүн айтсак, доллар менен резервдин дээрлик жарымы, евро менен 19 пайызы кармалып турат. Ошол эле учурда ренминби дүйнөлүк резерв валютасында бешинчи орунда.
Юандын үлүшү Эл аралык валюта фонду колдоо көрсөткөн 2016-жылдан тарта тез өсүп кетти. Кытайдын "Бир алкак — бир жол" деп аталган инфраструктуралык масштабдуу долбоорун да эстен чыгарбоо керек. Муну менен катар резервдик валюта катары доллардын көлөмү азайып бара жатат, 2007-жылы 70 пайызды түзүп турчу.
Жыл башында Bloomberg белгилегендей, юань эл аралык төлөм рыногунда төртүнчү орунга көтөрүлдү. Салыштыруу үчүн айтсак, 2010-жылы 35-орунда турчу.
Бүгүнкү күндө ренминби резервдик валюта катары дүйнөнүн 75 өлкөсүндө пайдаланылып келерин РИА Новостиге Sigma Global Management компаниясынын инвестиция боюнча директору Владислав Петленко айтып берди. Кытай, Австралия жана Япония ортосунда юань менен эсептешүү жүрүүдө, демек, эксперттин айтымында, бул эки өлкөгө Кытай менен соода кылуу үчүн АКШ долларынын кереги жок.
Мындай пикирге Жакынкы Чыгыштын аналитиктери да кошулат. "Россия Кытайдын дүйнөнү көзөмөлдөшүнө жол ачып берет", — дейт Катар эмиринин мурунку кеңешчиси Абд аль-Монейм Сайид Египеттин Al-Ahram гезитине маек куруп жатып. Анын айтымында, жаңы эл аралык валюта дал ушул юань болот, анткени Кытайдын экономикасы күчтүү келип, республика "ийнеден тарта ракетага чейин" өзү чыгарат.
Батыштын саясаты Россияны Азия мамлекеттери менен соода алакасын бекемдөөгө түртүп жатат, бул биринчи кезекте нефть жана газ. Кытайдан тышкары Россия Индия менен да улуттук валютада эсептешүү механизмин талкуулап жатканын Mint гезити индия өкмөтүндөгү ишенимдүү булактарына таянып кабарлады. Жергиликтүү экспортерлор акысын евро же доллар эмес, рупий менен ала алышат.
Долларга жаралган кооптуулук
Кандай болгон күндө да Россия менен Кытай азыркы тапта сооданын көлөмүн жогорулатары бышык. Москванын башка жолу деле калган жок: АКШ союздаштары менен Россиянын валюта резервинин жарымын тоңдуруп, Центробанк менен операция жүргүзүүгө тыюу салып, бир катар маанилүү банктарды SWIFT системасынан четтетип койду.
Кытай — Москванын негизги соода өнөктөшү. Эки өлкөнүн ортосундагы келишимдердин көлөмү былтыр 148 миллиард доллардан ашкан.
Бирок айрым маселелер боюнча, мисалы, учактардын деталын жеткирүү жаатында Пекин бир аз буйдалып турат. Reuters агенттиги КЭР ири төрт нефтегаз компаниясына россиялык долбоорлордон баш тарта турууну сунуштаганын жазды эле, Кытай ТИМи бул маалыматты төгүндөдү.
Бирок Вашингтон Москвага каршы санкцияларды кыйгап өткөнү үчүн Пекинди жазалайм деп коркутканын улантууда. АКШнын соода министри Жим Раймондо Кытайдын жарым өткөргүч өндүрүүчүлөрүн америкалык жабдуудан жана программалык камсыздоодон ажыратып саларын айтты.
Санкциядан кыйгап өтүүдөгү курал февралда расмий ишке киргизилген санарип юань болушу толук ыктымал. Башка электрондук валюталардай эле ал санкциялык товарлардын тизмесине ылайык келер-келбесин көзөмөлдөгөн банк текшерүүлөрүнөн аттап өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Санарип ренминбинин ишке кириши Вашингтондун тынчын алууда, анткени электрондук доллар азырынча иштелип чыгууда. АКШнын Борбордук банкы мындай темп менен доллардын эл аралык үстөмдүгүнө доо кетиши мүмкүн экенин билдирди. Анын үстүнө евро такымдап келе жатат. SWIFT маалыматы боюнча, 2021-жылдын декабрында долларга глобалдуу төлөмдүн 40,5 пайызы, еврого 36,7 пайызы туура келген.
"Кытай Тайвандан башка эч жерге аймактык экспансия жүргүзө албайт, ал эми экономикалык экспансияга бардык жол ачык, — дейт эл аралык финансы боюнча аналитик Андрей Плотников. — Буга кошумча санарип юань чындап эле Россияга санкциялардан кыйгап иштөөгө жана бир топ экономикалык маселени чечүүгө жардам берүүгө жөндөмдүү".
Келечек
Юандын эл оозуна көп алынбаганын эксперттер Кытай бийлигинин курсту башкаруу ниети менен түшүндүрүшүүдө. "Толугу менен конвертацияланбаган валюта өлкөгө ички рыноктогу абалды көзөмөлдөп, тышкы пошлина менен санкцияларга тез ыңгайлашууга мүмкүнчүлүк берет. Бир сөз менен айтканда, КЭР капиталдын сыртка агылышын катуу көзөмөлдөп турат", — дейт "ООО Лэйбл Хоум Инк" компаниясынын башкы директору Иван Белкин.
Бирок россиялыктар үчүн юань келечектүү валюта болуп турат: КЭР — россиялык банктардын SWIFT системасынан чыгарууга каршы чыккан аз өлкөнүн бири.
"Кытай менен Россиянын тышкы соодасында юандын бекемделиши КЭР кабыл алууга даяр болгон россиялык сырьелук экспортутун көлөмүнөн көз каранды болот. Мисалы, Кытайдын металлургия өнөр жайында өзүнүн масштабдуу өндүрүшү жолго коюлган, — дейт Владислав Петленко. — Россиядан нефтини азыраак көлөмдө сатып алат. Бирок Россия бааны төмөндөтсө көбүрөөк ала башташы мүмкүн".
Эксперттер россиялыктар ушу тапта юань сатып ала башташы керек деген пикирде. "Узак убакыт үчүн бул тобокелчиликтүү кадам, бирок тез арада жасалуучу соода-сатыкка каражатты көбөйтүп алууга да болот", — дейт Белкин.
Юанды инвестиция портфелинде сактап туруу ушу тапта кирешелүү экенине Владислав Петленко да кошулат. Ошол эле убакта кытай экономикасы жакшы диверсификацияланбаганын да айтты.
"Юанга азырынча эл аралык ликвиддүүлүк жетишпейт. Пекинге АКШ доллары менен бааланган товардын ири көлөмдөгү экспортунун эсебинен улуттук валютаны арзан кармоо кыйла пайдалуу эле, — дейт Петленко. — Мындан улам Кытайдын Элдик банкы юандын доллар жана башка дүйнөлүк валюталарга байлануусун мурункудай көзөмөлдөбөй калды".
Азырынча мунун баары ишке аша элек, кытай компанияларынын дүйнөлүк рынокто ролу жогорулаган сайын ренминбинин курсу ылдыйлай берет. Демек, юань сатып алууда россиялыктар чыгымга учурашы мүмкүн. Ал эми Россия менен соода алакасында юандын орду Пекиндин Батыштын көзүн карабай жашоону каалоосуна, мүмкүнчүлүгүнө жараша бекемделмекчи.