Жумамүдүн Шералиевдин кызы: атам 11 жашында буту баспай жатып калыптыр

Кыргыз ССРинин эл артисти, белгилүү композитор Жумамүдүн Шералиевге "кыргыз обонунун атасы" деген наам берилген. Аткаруучу, акындык да таланты бар залкар обончунун жараткан чыгармалары эл оозунан түшпөй ырдалып келет.
Sputnik
Бул ирет Sputnik редакциясы залкар талант Жумамүдүн Шералиевдин кызы Нарынкүл Шералиеваны чакырып, обончунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу баарлаштык.
Нарынкүл Шералиева: атам Москвада окуп, чыныгы профессионал музыкант болсо дагы далай шедевр ырларды жаратмак болуш керек.
— Жүмамүдүн Шералиев атабыздын кичинесинен эле буту оорунун азабын тарткан дешет...
— Атам 1915-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлүптүр. Кичинесинде эле абдан зээндүү бала болгон экен. Тойлордо чуркап дайыма 1-орунду алып, алдыда жүрөт. Анан 11 жашында көз тийип, ошондон буту катуу ооруп калыптыр. Ата-энесинин алып барбаган доктуру калбайт. Ыйык деген жерлерге барышат. Иши кылып эч нерсе жардам бербей, баса албай жатып калат. Бирок ошондо да классташтарынан мугалимдин тапшырмасын алып жазып, кат-сабатын жоюптур. Чоң апабыз ал кезде аялдар кеңешинин төрайымы болуп, Надежда Крупская менен да түшкөн сүрөтү бар эле. Анан уулун "сабатсыз болуп калмак беле" деп аябай окутуптур. Атам абдан сулуу жазчу. Төшөктө жатып алып эле тамгаларды кооздоп жаза берген го деп ойлоп калам. Кичинесинде доктурлар туура эмес операция жасап, бир буту тартылып калып, ошондон кийин балдак менен басып калган.
1939-жылы Москвада өткөн декадага чейин Пётр Шубинге жолугуп, ал атамдын талантын баалап, "Сүйгөн жарга" деген ырын жаздыртып, Москвага окууга жолдомо бериптир. Бирок бутунун айынан бара албай калган. Ага чейин атамдын ырлары секетпай катары эл арасында оозеки ырдалып жүрчү экен. Москвада окуп, чыныгы профессионал музыкант болсо дагы далай шедевр ырларды жаратмак болуш керек.
— Көп ирет үйлөнгөн дешет...
— Чоң апам убагында чек арада, андан кийин аялдар кеңешинде төрайымдык кызматта иштегендиктен абдан каардуу, бийликчил аял болгон экен. Уулуна өзү билип эле аял алып берип коё берет. Кийин апасы командировкага кеткенде атам анысын жактырбай кетирип жиберчү имиш. Ошентип көп эле аял алса керек. Тамашалап 12, 17 жолу үйлөнгөн деп калышат. Бирок чындыгында канча жолу үйлөнгөнүн так билбейм.
Нарынкүл Шералиева: Апамдын камкордугунан улам 70 жашында шаңдуу обондорду жаратты. Апам башында китепканачы болчу, анан атамдын чыгармачылыгы үчүн жумуштан чыгып алган.
— Апаңыз менен кандайча таанышып калган экен?
— Бир ирет Чүйдө концерт коюп жүрүп Баш-Кара-Сууга барып калышат. Илгери артисттерди колунда бар, үйү кенен кишиге тостурчу экен. Анан ошентип таятабыздыкына конок болушат. Ошол кезде апам төшөктө жаткан болот. Анан апамды убактылуу өзүнчө жыгач үйгө жаткырып турушат. Ал кезде атам Калык Акиев, Осмонкул Бөлөбалаев өңдүү улуу таланттар менен жүрчү экен. Анан эртең менен турганда ал кишилер бак аралап басып, огороддо сейилдеп жүрүп, жыгач тамдын ичин ачып калышат. Караса, татынакай кыз төшөктө жаткан болот. Анан таң калып "ай, сен кимсиң, биякта эмне жатасың?" деп сурашып, бир аз отурган соң чыгып кетишет. Анан дароо эле атама келишип "тигинде бир кыз жатат. Барып тааныш, сага чыдаса, ушул кыз чыдайт" десе атам да тырышып, болбойт дейт. Ой-боюна койбой эле атамды апамдын үстүнө киргизип жиберишет. Экөө ошентип таанышып, кечинде элдин алдынкы катарына төшөгү менен алып келип жаткырып, концерт коюшат. Апам мурдатан эле радиодон ырларын угуп, атамды таанычу экен. Ошентип апамды кийинки күздө концерт коюп келишип, кадимкидей каадасын жасап, анан алып кетишиптир.
— Атаңыздын обончулугу кимди тарткан?
— Чоң атабыз Шерали комуз чапчу. Кээде кыңылдап чертип, ырдап да калчу экен. Чоң апабыз чек арада иштеп турганда атамды да жумушка ээрчитип алат. Атам гармошка менен ырдаган орус аскердин жанына отуруп ырын уга берет. Анан атасы чапкан комузга гармошканын үнүн түшүрүп, кийин жоокер экөөлөп ойноп баштайт. Орус жигит "сенин туюмуң абдан жакшы турбайбы" деп гармошка үйрөткөн. Кудай бир жеринен болбосо, бир жагынан берет экен. Биринчи "жөө күлүк болом" деп жүргөндө буту ооруп калып, ошондон кийин толук музыкага ыктаптыр.
— Бирок атаңыздын өнөрү аны менен эле чектелбей көптөгөн аспаптарда ойноп жатпайбы. Аларды кайдан үйрөнүп жатат?
— 1939-жылкы декадага баргыча, 1937-жылы аймактардан таланттууларды жыйнап, атам Калык Акиев, Осмонкулдар менен филармонияда таанышып жатпайбы. Анда комузчу, аткаруучу катары кабыл алынган. Кийин музыкалык билим алган да. Атабыздын акындык да жагы бар. Ал жагын көп улантпай ырга ооп кетиптир. Жаш кезинде бирөөлөр менен айтышып калган да жайы бар.
Нарынкүл Шералиева: атам Калык Акиев, Осмонкулдар менен филармонияда таанышып жатпайбы. Анда комузчу, аткаруучу катары кабыл алынган. Кийин музыкалык билим алган да. Атабыздын акындык да жагы бар.
— 1939-жылдагы декаданы айтып калдыңыз. Бул да кыргыз маданиятынын тарыхындагы белгилүү дата. Аны кандай эскерчү эле?
— Ал кезде атабыз 24 эле жашта болуп, делегаттардын эң кичүүсү экен. Бою да баарынан кичине, анан балдакчан. Оркестрде комуз ойноп, анан сахнага чыгып ырдаарда көшөгөнүн артынан столго отургузушуп, анан ырдап бүткөндө көшөгө жабылчу экен. Бир жолу ырдап бүткөндө эл кол чаап, суранып туруп алышат. Атам ырдаарын же балдагы жок кетерин билбей, көшөгө да жабылбай буйдалып туруп калат. Андан кийин балдагын алып келип беришип, сахнадан балдакчан чыгып кеткен экен. Бирок эл ого бетер кол чаап, акырында СССРдин Ардак белгиси менен сыйланыптыр. Кийин Фрунзеден музыкалык билим алган, антпесе нота тааныбай абдан эле кыйналмак экен. Көп ырлары ооздо эле калмак. Чыгармаларынын сакталышы да өзүнчө маселе. Азыр китептерин жаңылап чыгарып жатабыз. Көзү тирүү кезинде үч китеби чыккан. Быйыл да министрлик тарабынан "Ак таңым" деген эмгеги чыгат. Ырларынын баары басылып чыгып калса кол жазмаларын архивге берет элем. Себеби "Картайтпайт мени ырларым" деген китебин чыгарарда жолдошум экөөбүз атабыздын окуучусу Калыйбек Тагаевге барып, "нотага түшүрүп бериңиз" деп сүйлөшүп келгенбиз. Ал китепте көбү жаңы ырлар. Ал арада сөзү, обону Жумамүдүн Шералиевдики болгон он чакты ырды таппай калдык. Ырды кайра көчүрмөдөн өткөрүп алып, "эртерээк чыгарбасак болбойт, моминтип уурдалып жатат" деп Калыйбек агайга кайра бардым. Ошентип жүрүп китеп чыгарганбыз. Кийин ал ырларды кимдер алганы да билинди.
Биз эки эле кызбыз. Экөөбүз эле аракеттенип, аз-аздан ишти жылдырып жатабыз.
— Ал киши эки эле бир тууган болгонбу?
— Негизи чоң энем 16ны төрөптүр. Баары чарчап отуруп, атам төрөлгөндө ырымдап бир кулагына сөйкө салып коюшат. Анан 12 жылдан кийин кыздуу болушуп, көз тийбесин деп чачын катып, тебетей кийгизип өстүрүшөт. Эжебиз 1972-жылы ооруп, биздин колдо каза болду. Ал эжебизден жалгыз эле бир кыз бар.
Нарынкүл Шералиева: Чоң энем 16ны төрөптүр. Чарчап отуруп, атам төрөлгөндө ырымдап бир кулагына сөйкө салып коюшат. Анан 12 жылдан кийин кыздуу болушуп, көз тийбесин деп чачын катып, тебетей кийгизип өстүрүшөт.
— Жүмамүдүн атабыздын мүнөзү кандай эле?
— Түнү менен буту сыздап, тулку бою ооруп онтоп чыгат. Тез жардам чакырат. Эртең менен туруп эле көнүгүү жасап, ары-бери басып, жуунуп-тазаланып алып "айыгып келейинчи" деп жумушуна кетчү. Анан жумушта кечке эл менен иштешип жүрүп чарчайт да, ошонун деми менен кечки 18:00дө эки-үч кишини ээрчитип үйгө келчү. Алар менен саат 10дорго чейин бакылдашып, ошону менен чарчап уктап калчу. Ал эми дем алыш күндөрү жайкысын көбүнчө тоого чыгып кетчүбүз. Биз отун терип, ойноп, апам дасторконун жайып, атам ары-бери өткөндөр менен кобурашып, дасторкон четинде отуруп алып табияттан эргүү алчу. Кээде кыңылдап ырдап да калчу, ошондо обон жаралчу окшойт. Ал эми үйдөн кабинетине кирип кеткенде жымжырттык өкүм сүрчү. Апам да ашкананын эшигин жаап алып, акырын тамагын жасай берчү. Анткени ошол учурда атам обондорун нотага түшүрүп жаткан кез болор эле. Ал эми конок келгенде үйдө шаң. Ат-Башынын булуң-бурчунан бери сурап бир жыргачу. Келгендин баарын эле "тууган" дей берчү. Биз да "ай-ий, туугандарыбыз көп турбайбы" деп ойлочубуз, көрсө, жакын тууганы деле жок экен. Атабыз айылдаштарын, үйгө келген меймандардын баарын тууганындай көрчү экен. Үй жыйнаганда атамдын столуна тийчү эмеспиз, бир нерсеси жылып кетсе оюнан адашып кетет да. Анан кечки саат 6дан кийин бизге оокат жасатчу эмес. Апамды да аяп, ашканадан бөлүп, "эс ал" деп жанына отургузуп алчу. Апабыз эки саат сайын түрдөп тамак жасап берип, жолдошун бапестеп бакты. Жума ичинде жасаган бир тамагын эки кайталачу эмес. Атам да "Чүйдүн кызын алып туура кылган экенмин, Нарындын кызын алсам эт берип атып эмгиче өлтүрмөк экен" деп тамашалап калчу.
— Белгилүү адамдын кызы болгондон кийин чектөөлөр да көп болсо керек?
— Ооба, анысы бар. Башында мени музыкалык мектепке берип, андан мугалимдин убактысына сабагыбыз туура болбой же жумушу чыгып калып жатып эле окууга жол ачылбай койду. Анан аны токтоттум да, мени дарыгер кылмак болушту. Өзүм да ошого даярданып жүргөм. Анан эле Москвадан журналисттер келип, атамдан маек алып калышты. Алар "балдарыңыздын бирин да музыка жаатында окутпайсызбы?" деп сурап туруп алышканда, атам да "жок, окутпайм, искусствонун тузу оор болот" деди. Ошону менен атамдарга айтпай барып Искусство институтуна тапшырып алдым. Атамдар окууга өткөндөн кийин угуп, "сени врач кылайын деп жүрбөдүм беле" деп аябай кейиди. "Жок дегенде атамдын ырларын чыгарганга жараармын" деген ой менен окудум. Эми ошол миссиямды аткарып жүрөм.
Чынында эле белгилүүнүн кызы болуу жоопкерчилик. Жолдошум да "сен эле эмес, биз да түздөлүп жатабыз" деп айтып калчу (күлүп).
Нарынкүл Шералиева: Чынында эле белгилүүнүн кызы болуу жоопкерчилик. Жолдошум да "сен эле эмес, биз да түздөлүп жатабыз" деп айтып калчу.
— Үй-бүлөлүк маселелер кандай чечилчү эле. Негизи чыгармачыл адамдар үй иштеринен тыш болуп каларын айтышат...
— Ооба, атам музыкада көбүнчө мажордо көп иштеди да. Апамдын камкордугунан улам 70 жашында шаңдуу обондорду жаратты. Апам башында китепканачы болчу, анан атамдын чыгармачылыгы үчүн жумуштан чыгып алган. Мештин үстүндө түрдүү тамак куюлган кичине мискейлер тизилип турар эле. "Бул атаңдыкы, бул ананкысы, тиги коноктордуку" деп эринбей баарын жасап, атамды жакшы карачу. Экөө бири-бирине өтө сый мамиле жасашты. Апамдын чачы түшө баштаганда атам кийме чач сатып берип, анан "бар, үч-төрт саат эс алып кел" деп азыркыча айтканда салонго жиберип турчу. Апабыз машина айдачу. Атабыз айдай албайт. Анан "көйнөкчөн унаа башкаруу ыңгайсыз экен" деп апама комбинезон да сатып берип шымдантып койгон. Экөөнүн турмушу жакшы эле болду.
— Баш-аягы канча обон жаратты?
— Кээде радио угуп отурганда "ушу менин обонум болчу, элдики деп берилип калган турбайбы, мейли эми" деп калчу. Канчасы элдик болуп кеткенин ким билет? Өз санагы боюнча чыгарган обондору 300дүн тегереги эле. Санакка кирбей калгандары да көп. Аларды тактап, издештирип, чогултуп иштеп жатабыз. "Долондун" сөзүн ооруканадан жазып, Калыйбек Тагаевди чакырып обон жаздырган. Ырларын айрымдар бузуп ырдаса кейип калар эле. Өзү акындар менен абдан тыгыз, жакшы иштешкен. Кээде мелодиясына тууралап, текстин жазып койчу. Апамдан кийинки эле атамдын чыгарган обондорунун сынчысы биз болчубуз. Кабинетине чакырып, музыкасын ойногондо кошо кыңылдап, бийлеп калсак, "жарайт экен" деп кабыл алчу. Ал эми биз кыйшактап ойноп, көңүл бурбай тажай баштасак, анда "бара койгула" деп кайра иштегенге белгилеп койчу. Анан ал обон бир жумадай театрда, үйдө ырдалып, талкууланып, анан бекичү.
— Айрым мыкты аткаруучуларды ич ара "бүгүнкү күндүн Жумамүдүнү" деп атап коюшат. Сизге кайсы ырчынын аткаруусу көбүрөөк ынайт?
— 2013-жылы атамдын 100 жылдыгына карата конкурс өткөрүп, Карганбек Самаков демөөрчү катары байге фондуна 550 миң сом берди. Сынакка беш жаштан 85 жашка чейинки ырдай ала тургандардын баары катышты. Ага чейин чынында атабыздын ырлары унутулуп бара жаткан, пропаганда аз эле. Облустарды түрө кыдырып жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыгын тапшырдык. Анан эмнегедир сүрөтчүлөр атамдын чыгармачылыгына кайрылчу эмес. Ошондуктан "Жумамүдүн Шералиев сүрөтчүлөрдүн көзү менен" деген аталыштагы сынак жарыяладык. Байге фонду 100 миң сом болду. Сүрөтчүлөр атамдын өзүнө эмес, чыгармаларына басым жасап, "Жибек чач" өңдүү ырларын түшүрүп укмуш сүрөттөрдү тартышты. Биз баарын сатып алып көргөзмөсүнө койдук. Андан кийин отуз жашка чейинки 30 төкмө акындын катышуусунда төкмө акындардын укмуш айтышы болду. Кийин 2015-жылы да атабызга арналган чоң акындар катышкан айтыш сонун өттү. Ушуга чейин ойлогонумдун 80 пайызы орундалды. Белгилүүлөрдүн мааракелерине арналган айтыштар ошол атабыздан кийин өткөрүлө баштады. Андан кийин мектептерде атама арналган бурчтар ачылды. Баткенге барсам окуучулар атамдын ырларын, өмүр баянын айтып, Жалал-Абаддын бала бакчасындагы 3-4 жаштагы балдар "Сулуу кызды" ырдап жатканын көрүп, кубангандан көзгө жаш алдык. Токмоктогу бала бакчанын бөбөктөрү колдорун кезеп "Бекерчимди" укмуш аткарышат. Атабыз экинчи өмүрүн жашап жатат. Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы чоң көчөгө Жумамүдүн Шералиевдүн аты берилген. Бейиши болгур Муктар Өмүракунов "эже, бул абдан чоң көчө болот" деди эле. Айткандай эле сонун болду.
Нарынкүл Шералиева: Ушуга чейин ойлогонумдун 80 пайызы орундалды. Белгилүүлөрдүн мааракелерине арналган айтыштар ошол атабыздан кийин өткөрүлө баштаган.
— Ар бир адамдын кыялы менен өкүнүчү да болот. Жетпей калган кандайдыр бир максаты, өксүгү болдубу?
— Атам бир обонун жаңыдан чыгарып, аны сиңдиме "балам, ушуну ырдай жүрчү" деп табыштап жатканда ооруп калып, ошону менен кайтыш болуп кетти. Сөзүн да жаза элек болчу. "Кап, ошол ыры укмуш ыр болмок беле?" деп өкүнүп калабыз. Жаш кезиңде маани бербейсиң. Азыркыдай технология болгондо ырларын четинен жаздыра бергенде башкача болмок беле...
— Уулдан артык кыздары турасыздар, ошентсе да эркек баласы жогуна өкүнүп калган учуру болдубу?
— Болгон. Апам экөө менден улуу Дамир деген бала багып алышыптыр. Ал чарчап калат. Мени батадан төрөлгөнсүң деп коюшчу. Бир жолу автобус бузулуп жолдо калышат. Жүргүнчүлөр "эми, Жумаке, автобус оңолгуча ырдай бер" дешет. Атам эки сааттай тынбай ырдайт. Анан эл "жыл айланбай наристелүү болгула!" деп бата беришет. Бир жыл өтүп, мен төрөлүпмүн. Менден кийин Нарынбек деген уулдуу болуп, ал 11 айында чарчап калат. Ошондо атам Таласта командировкада болчу. Эл чогулуп калганда келди, анан мени "атаң келди, бар" деп жиберишти. Чуркап барсам эле жаман болуп турган экен. Мени акырын нары түртүп койгондо жыгылып кетип ыйлап жибердим. Ошондо мени кайра ала калып өпкүлөп жиберди. Токтогул Сатылгановдун "Балам жок" деген ырына да обон жазган экен. Кийин уктум. Биздин көзүбүзчө арманын айткан жок, бирок сезчүбүз.
Камбаралы Бобуловдун кызы: атам биринчи никедеги балдары менен катышпай өкүнсө керек
Салтанат Саматованын атасы: кызымдын жетишкендиги кубантса, эрте кеткени арман болду