БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. КР эл акыны, Манас орденинин ээси Омор Султанов 86 жаш курагында дүйнө салды. Кабарды Жазуучулар союзу тастыктады.
Белгилүү акын буга чейин ооруп жүргөн. Акыркы сапарга 5-апрелде Улуттук опера жана балет театрынан узатылары айтылды.
Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган. Ал "Сен жөнүндө поэма", "Чарчоонун жүзүнчү ыры" чыгармаларынын, "Улуу дайра", "Аралдар арасында", "Мухитке жол" китептеринин автору.
Омор Султанов кыргыз адабиятындагы өзгөчө акын. Ал өткөн кылымдын 60-жылдарында салттуу ырды чанбай, салттуу кыргыз ырын эң мыкты өздөштүрүп туруп эле кыргыз поэзиясы үчүн жаңылык болгон эркин ырды да мыкты жазууга болорун көрсөткөн.
Улуттук кино өнөрүндө да анын салымы бар. "Кыргызфильм" киностудиясында ал жазган адабий текстке негизделип "Ак куулар конгон айдың көл" аттуу көркөм тасма жана "Төкмө", "Жазуучу" деген даректүү фильмдер тартылган.