Ортодо колдонулган мамлекеттер негизи өз эркин кожоюндарына таңуулай алышпайт, антсе да украиналык президент Владимир Зеленскийдин дымагы чоң. АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын куралдуу күчтөр боюнча комитетинин угууларында 30-мартта украиналык жетекчиликтин "муктаждыктарынын" тизмеси талкууланды. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко кезектеги макаласында Украинанын Батыштан курал менен камсыздоо талабына токтолгон.
Советтик өндүрүштөгү Су-25 чабуулчулары менен Украинаны жабдуу үчүн америкалыктар союздаш жана өнөктөштөрүнөн издеп чогултууга аргасыз. Кеп ондогон согуштук унаалар туурасында. Улан-Удэ жана Тбилисидеги авиазаводдордо сериялык өндүрүш башталгандан тарта 1991-жылга чейин Су-25 чабуул коюучу 1300дөн ашуун бирдик чыгарылган.
Бул учактын ар кандай модификациялары мурдагы СССР республикалары, Болгария, Венгрия, Словакия, Македония, Перу, африкалык жана жакынкы чыгыштык мамлекеттердин бир даарынын Аскер-аба күчтөрүнүн курамында катталган. Эгер бул учактын партиясын Украинага жеткире алышса да чечилбес эки маселе дароо жаралат: жайгаштырчу аэродромдор жана даярдалбаган учкучтар жок. Мындан улам учактарга чет өлкөлүк учкучтарды жана НАТОнун базаларын пайдалануу зарылдыгы чыгат.
Киевдик режим марттын соңку күндөрү Вашингтондон жүздөгөн танк жана учак беришин өтүндү. Батыштагылар танк маселесине келгенде түйшөлүштү. Себеби өз машиналарын Украина Куралдуу күчтөрүнүн адистери тез өздөштүрүп кетиши өтө кыйын, ал эми Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү Т-72нин советтик модификациялары жеткирүүдө дароо байкалчу бута деп эсептешти.
Мурда отуз чакты польшалык истребитель тууралуу кеп козголуп, бирок Варшавадагы жана Германиядагы америкалык Рамштайн базасындагы аскер жетекчилери тобокелге салбоону чечишкен. Ал тургай Украинага сокку уруучу Switchblade-300 жана Switchblade-600 учкучсуз-камикадзесинен 100 бирдик жеткирүү маселеси АКШда эки апта талкууланган. Жөнөтүлгөн күндө да жүздөгөн америкалык дрондор эки күндө жок кылынышы мүмкүн.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн куралдары жана техникасы россиялык аскерлердин соккусунан улам тез эле азайып барат. Атайын аскердик операция башталгандан бери 124 учак жана 77 тик учак, 216 зениттик ракеталык комплекс, 341 учкучсуз аппарат, 1815 танк жана башка ок өтпөс машина, 195 залптык октун реактивдүү тутуму, 762 талаа артиллериясынын куралы, ошондой эле атайын аскердик автомобилдик техниканын 1689 бирдиги жок кылынган. Мындай статистика Украинаны курал менен камсыздоонун маңызын кетирет. Анан калса батыш куралдарынын технологиялык артыкчылыгы деле анчейин ишеним жаратпайт.
АКШ Мамлекеттик департаментинин төрагасы Селеста Уолландер 30-мартта Украина Куралдуу күчтөрүнө Словакиядан С-300 зениттик ракеталык тутумдарын берүү жөнүндөгү сүйлөшүүлөр уланып жатканын айтып үмүттөндүргөн. Ошол эле күнү АКШ менен Улуу Британия Украинанын коопсуздугунун гаранты боло албай тургандыктарын билдиришти.
Киевдик режим "өнөктөштөрдөн" өтө көптү күтүп, дале НАТОну айыгышкан кармашка тарта аларына ынанат. Украиналык президент Владимир Зеленский америкалык кесиптеши Жозеф Байденден "өзгөчө коргонуучу колдоо" күтүп, өлкөлөрдүн баарын Россия менен согушууга күн куру эмес үндөп келет. Эки күн мурун Норвегия парламентинен мобилдик NASAMS зениттик ракеталык комплекстерин жана кемеден коргонуучу Harpoon ракеталарын сурады. Андан соң Австралия парламентин Россияга каршы санкцияларын күчөтүү керектигине көндүрүүгө тырышты.
Ал ортодо Зеленский Украинанын дүйнөнүн булуң-бурчундагы элчилеринен өлкөлөр менен алаканы жакшыртууну эмес, аларды Россия менен уруштурууну талап кылууда. Бул ишти жакшы алып бара албагандарын, маселен, Грузия жана Мароккодогу элчилерин Киевге чакыртып алды. Киев Перси булуңундагы өлкөлөр менен АКШнын өз ара аракет этүүсүнө да кедергисин тийгизип койгонун белгилей кетели.
Washington Post басылмасы украиналык жарандардын "жагымсыз чындык менен бет келишип жатканын": Украина Куралдуу күчтөрү аскердик техникаларды турак жайлардын жанына жайгаштырып, жайкын калкты тирүү калкан катары пайдаланып жатканын белгиледи. Украина президентинин кеңсесинин креативдүү кеңешчиси Алексей Арестович өлкөнүн парламент тарабынан бекитилген аскердик доктринасы "тоталдык коргонуу" принцибин карайт деп эсептейт.
Дал ушундай "коргонуу" украиналык шаарларды талкалап, геноцид катары бааланышы мүмкүн. Улутчулдар тарабынан күч менен кармалып турган шаардыктар Россия аймагына жер которуунун бардык жолун издөөдө.
Украина 6-7-апрелде Түндүк атлантикалык кеңештин жыйынына НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде чакырылды. Ошол эле учурда Донбасста Украина Куралдуу күчтөрүнүн 60 миңдик тобу курчоодо калып, куткарууга мүмкүн болбой калды.
Днепрдин оң жээгинде да кырдаал кооптуу: "Mi-6 Президенттин кеңсесине Украинадагы Россиянын аскердик кампаниясынын экинчи этабынын жаңы маалыматтарын жеткирди. Эми Кремль Донецк, Луганкс эл республикаларын жана Крымды таануу менен токтолуп калбастан, Украинанын бүтүндөй сол жээгин ээлегиси бар. Бул үчүн чыгыш фронтту 9-майга чейин курчап, талкалап, ал эми жайкы кампаниясында Днепрге чыгуу пландалууда". Британиялык мындай божомолдордун канчалык тактыгын жакын арада көрө жатарбыз.
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш Украинадагы согуштук аракеттерди "эл аралык түзүмдүн негизин солкулдаткан апаат" деп атап, 2021-жылы согуштардын айынан 84 миллион киши качкынга айланып, андан мурунку жылы глобалдык аскердик чыгымдар 2 триллион долларга чыкканын эске салды. Мындай көрүнүштөрдүн демилгечилери жана алардан пайда көргөндөр белгилүү. Украина АКШ менен НАТОнун агрессивдүү тышкы саясатынын алгачкы жана акыркы курмандыгы эмес.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.