ДССУ Медициналык квалификацияны жогорулатуу институтуна жабдууларды берди. Сүрөт

Жабдуулардын арасында окуу манекендери, термометр, пульсоксиметр, концентратор жана компьютердик техникалар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтуна 40 миң долларга жакын каражатка жабдууларды алып берди. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору кабарлады.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтуна 40 миң долларга жакын каражатка жабдууларды алып берди
"ДССУ институттун медайымдарды даярдоо кафедрасына кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү, дары-дармекти булчуңга саюу жана парентералдык колдонуу үчүн окуу манекендерин, аралыктан ченеген термометрлерди, пульсоксиметрлерди, концентраторлорду жана компьютердик техникаларды тапшырды. Жардамдын жалпы суммасы 39 929 долларга барабар", — деп жазылган маалыматта.
Аталган институттун Үй-бүлөлүк медицинадагы медайымдык иш кафедрасынын башчысы Гүлжахан Пирназарова жабдуулар аймактарга таратыла турганын айткан
Аталган институттун Үй-бүлөлүк медицинадагы медайымдык иш кафедрасынын башчысы Гүлжахан Пирназарова жабдуулар аймактарга таратыла турганын айткан. Ошондой эле былтыр бул муктаждык менен ДССУга кат жөнөтүлгөнүн белгилеген.
Акысыз текшерилгиле! Мобилдик клиника Түптө иштей баштады