Дарыгер салмак коштура турган мөмө-жемишти санап берди

Дарыгер бир катар мөмө-жемишти чектеп жегенге кеңеш берип, анын себебин түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кээ бир мөмө-жемиш адамды кадимкидей семиртип жиберет. Бул туурасында РИА Новости илимпоз, профессор Владимир Хавинсондун айтканына таянып билдирди.
Россиянын илимине эмгек сиңирген ишмер, РИАнын мүчө-корреспонденти банан, жүзүм жана инжирди көп жегенде адам кадимкидей салмак кошорун, себеби курамында глюкоза көп экендигин эскерткен.
"Организмге түшкөн глюкоза инсулинди иштеп чыкканга да көмөкчү болот. Ал инсулин глюкозанын ашыкча бөлүгүн майга айлантат да, андан улам киши толо баштайт", — деген Хавинсон.
Дарыгер мындан улам санап берген азыктарга абайлап мамиле жасап, аны азыраак жеш керектигин сунуштаган.
Радио
Атабаева: адам 10 килограмм салмак кошкон сайын 3-4 өнөкөт оору пайда болот