Сөөктү оодарсам дем чыгарып жиберди... Соттук-медициналык эксперттин ыймандай сыры

Адам өлүмүнүн сырын, жагдайын соттук-медициналык эксперттер аныктайт. Алар маркумдун сөөгүн толук изилдеп тергөөгө жардамдашат. Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда иштеген Олеся Рубанова ишмердүүлүгүндөгү сырлар менен бөлүштү.
Sputnik
Ал бул тармакта он жылга жакын убакыттан бери эмгектенип келет. Адис окуя болгон жерлерге байма-бай барып, каза болгон адам киши колдуу болгонун же кокустан мерт болгонун тактайт.
"Маркумдун сөөгү андай деле жагымсыз эмес, китептерде көрсөтүлгөндөй эле изилдөөнүн объектиси. Биз деле хирургдардай ичин ачып ар бир органды изилдейбиз. Сөөктү сойгондо башы, көкүрөгү, курсагы кесилип, анан кайра өз орду менен тыкан тигилет. Биз үчүн балдардын өлүмү менен иштөө аябай оор, моралдык жактан өтө кыйын. Ошондон улам алардын сөөгү менен бардык эле эксперттер иштей бербейт. Жашоо — бул адамдагы эң баалуу нерсе. Мен он жылга жакын убакыттан бери эксперт болуп иштеп жүрүп өмүрдү аябай баалап калдым", — деди Рубанова.
Ал ошондой эле кыргызстандыктар эмне себептен жакындарынын сөөгүн союуга каршы экенин, Кыргызстанга крематорий канчалык зарылдыгын айта кетти.
Тема боюнча:
Жеке маалымат тарап кетпейби? Эл каттоо тууралуу суроолорго жооптор видеодо
Ичи заңгырайт! Экс-судьянын театрга айланган хан сарайы. Видео
Азык-түлүк жетиштүү, жалган кепке ишенбегиле! ӨКМ жетекчиси элге кайрылган видео