Муфтийдин орун басары Шергазиев кызматтан кетип, жаңысы дайындалды

Жаңы дайындалган орун басар буга чейин Бишкек шаарынын казысы болуп иштеп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Муфтийдин орун басары Жоробай Шергазиев кызматтан кетип, ордуна Самидин Атабаев дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка муфтий Замир Ракиев кол койгон. Ал эми Шергазиевдин башка кызматка өткөндүгү айтылды.
Атабаев буга чейин Бишкек шаарынын казысы болчу. Азыр бул кызматка Шакир Маматов келди.
Самидин Атабаев буга чейин Ош облусунун мусулмандар казысы болуп эмгектенип келген. Ал 1973-жылдын 27-декабрында Өзгөн районуна караштуу Комсомол айылында төрөлгөн.
Диний жана светтик жогорку билимге ээ. Кыргызстан Ислам институтун, андан кийин Россия Ислам университетин ийгиликтүү аяктап, Ош мамлекеттик юридикалык институтунан "юриспруденция" адистигине ээ болгон. 1995-1996-жылдары аскердик кызматын өтөгөн.
Россияда жана Татарстанда куран жарышы боюнча өткөрүлгөн сынактарда биринчи орундарды камсыздаган. Мындан сырткары, волейболго кызыгат.
Орус, түрк, өзбек жана араб тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү, эки уул жана үч кыздын атасы.
Муфтият 2022-жылдагы битир-садаганын өлчөмүн бекитти