Балыкчыда учкан "Байрактар", жалындаган танк. Аскердик машыгуудан 16 ирмем

Бүгүн, 31-март күнү, Ысык-Көл облусунда "Калкан — 2022" атайын тактикалык машыгуу өттү.
Sputnik
Анын жүрүшүндө "Байрактар ТБ-2" пилотсуз аппараты, ок өтпөс техника жана жаңы алынган "Тигр" автоунаалары колдонулган. Машыгууга КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров барган. Иш-чаранын соңунда Жапаров аскерлер менен бирге талаа ашканасында тамактанып, кызмат өтөө шарттары боюнча сүйлөшүп, алардын суроолоруна жооп берди.
1 / 16

Президент, КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров 31-мартта "Калкан — 2022" атайын тактикалык машыгуусунун активдүү фазасына көз салды

2 / 16

Атайын багыттагы бөлүктөр заманбап курал-жарактарды, аскердик жана атайын техникаларды, сооттолгон "ТИГР" техникаларын колдонду

3 / 16

Аскердик машыгууга катышып жаткан жоокер

4 / 16

Бул машыгуулар Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн аракеттеринин ырааттуулугун жана күжүрмөн даярдыгын текшерүүгө багытталган. Президент Садыр Жапаров жана УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев машыгуунун жүрүшүн талкуулап жатат

5 / 16

Машыгуу Балыкчы шаарындагы "Эдельвейс" окуу борборунда өттү

6 / 16

Сунушталган машыгуу сценарийи мамлекеттик чек арадагы реалдуу жагдайга болушунча жакындатылган

7 / 16

Машыгуунун жүрүшүнө көз салып турган президент Садыр Жапаров

8 / 16

Бул айтылуу "Байрактар ТБ-2" деп аталган сокку уруучу пилотсуз учагы. Алар 2021-жылы республикалык бюджеттин каражаттарына сатылып алынган.

9 / 16

Мээленген бута. Бул машыгуу күжүрмөн аракеттерди жүргүзүүдө чек ара отрядынын башкаруу органдарынын, бөлүктөрүнүн жана өз ара иштеше турган күч түзүмдөрүнүн ырааттуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берди.

10 / 16

Машыгуу учурунан бир көрүнүш

11 / 16

"Калкан — 2022" машыгуусунун негизги максаты — мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча операцияларды даярдоо жана өткөрүү, аскерлерди башкаруу экени айтылды

12 / 16

Машыгууга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин бөлүктөрү катышты

13 / 16

Машыгуулар аяктагандан кийин Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, анда аскерлердин даярдыгынын жогорку деңгээлин белгиледи

14 / 16

Андан соң машыгуулардын катышуучуларынын салтанаттуу өтүшү болду

15 / 16

"Калкан — 2022" машыгуусунан бир көрүнүш

16 / 16

"Калкан — 2022" машыгуусунан кийин Жапаров аскерлер менен чогуу тамактанды

Тема боюнча:
"Байрактар" танканы жардырганда. Ысык-Көлдөгү машыгуунун видеосу
Күнүгө ушундай тамак жейсиңерби? Садыр Жапаров аскерлер менен түштөнгөн видео
Элиталык спецназ. 28 жыл толгон "Скорпион" тууралуу фактылар