Бирок аны кайра калыбына келтирүү оңойго турбастыгын белгилейт серепчи Андрей Коц. Анын ушул туурасындагы учкай макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Согуштук аракеттердин (Россиялык атайын операциянын) алгачкы айында эле украиналык күч органдары оор техника жаатында чоң жоготууларга учурады. Алардын ордун толуктоого өлкөнүн чама-чаркы чак келбейт.
Анткен менен НАТО Украина Куралдуу күчтөрүнөн акча аяган жок. Жакын арада АКШ 800 миллион долларлык ири көлөмдөгү аскердик жардам алкагында курал-жарак, танкка каршы коргонуу жана көчмө зениттик ракеталарын, контрбатареялык күрөш радарларын ок-дары, жеке коргонуу каражаттары менен жабдымакчы. Булардын айрымдары менен мурда да камсыздап келишкен, бул ирет Вашингтон алардын түрүн кеңейткен.
Америкалык The Wall Street Journal журналы Пентагондогу булактарына таянып, Киевге биринчи ирет оор техника жеткирилерин жазып чыкты. Азырынча кеп абадан коргонуунун советтик комплекстери жөнүндө жүрөт. Эске салсак, алар Варшава келишимине кол койгон өлкөлөргө таандык, украиналык адистерге да тааныш.
Он жыл аралыгында америкалыктар кыйла бир "коллекцияны", атап айтканда, ондогон "Оса", "Тор-М2", "Бук", С-300В зениттик ракеталык комплекстерин топтой алды. АКШ союздаштарын Украинага абадан коргонуунун заманбап каражаттарынан да бөлүшүүгө көндүрүү далалатында. Мисалы, Түркиядан россиялык өндүрүштөгү С-400 зениттик ракеталык системаларын Киевге берүүсүн өтүнгөн. Анын ордуна өзүнүкүн, ошондой эле бешинчи муундагы F-35 истребителинин программасына кайра алууну убада кылган. Бирок Анкара Россия менен да, Украина менен да сый болуу үчүн андан баш тартты.
Украина Куралдуу күчтөрүнө курал жагынан Европа биримдиги да кызуу каралашууда. Бул үчүн Европалык фонддон миллиард евро бөлүнгөн. Германия бундесвердин запастарынан эки миң гранатомёт жиберүүнү пландоодо. Ошондой эле Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Европа биримдиги, G7 жана НАТОнун саммиттерин утурлай танкка каршы NLAW жана Javelin ракеталык комплекстеринен алты миң бирдик жөнөтөрүн жар салды.
Мурда да Лондон Украинаны төрт миңдин тегерегинде танкка каршы ракеталык комплекси менен жабдыган. Жергиликтүү басма сөз бул британиялык армиянын өзүндө таңсыктык жаратышы мүмкүн экени айтылууда.
Албетте, буга Россия пикирин билдирбей койгон жок. Вашингтондогу элчи Анатолий Антонов Киев учуучу каражаттарды жеңилдетилген тартипте алып жатканын, "Украина Куралдуу күчтөрүнө берилип жаткан ракеталык курал Европа биримдиги жана анын коңшу өлкөлөрүнө жылышы мүмкүн экенин" эскертти. Мисалы, Stinger көчмө зениттик ракеталык комплекс менен куралданган террорчулар жарандык авиация үчүн чоң көйгөйгө айланышы ыктымал.
Өз кезегинде РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинага келген аскердик багыттагы кандай жүк болбосун мыйзамдуу бута катары караларын баса белгилеген. Россиялык армия өлкөнүн батыш тарабындагы аскердик объектилерге сокку урууга жөндөмдүү экенинде шек жок. Львов облусундагы Яворовск полигонуна урулган сокку бул бекеринен айтылбаганын эске салып, сестентип койгондой болду. Муну аскерий серепчи Алексей Леонков да белгилейт.
"Яворовск полигонуна урулган сокку биз олуттуу түрдө айтып жатканыбызды айгинелеп койду, — дейт ал. — Украина аймагындагы согуштук аракеттерди курал-жарак же жалданма аскерлер менен колдоо маселесинде эч кандай жеңилдик берилбейт. Чалгындоо кызматы жашырылган кампа же колонналарды таап, жок кылууда. Батыш өлкөлөрү муну так түшүнүүгө тийиш".
Ошондой күндө да президент Владимир Зеленскийге курал алдык кылат. НАТОнун саммитинде ал: Киевге чектөөсүз аскердик көмөк керек экенин айтты. Альянс Украина менен өз танк жана учактарынын бир пайызы менен бөлүшсө болорун кошумчалады. Анткен менен анын бул каалоосу орундалары арсар.
Украиналык танкисттер жана учкучтар батыш техникаларын пайдалана алышпайт. НАТО өз экипаждарын жөнөтүүгө даабайт, анткени анда Россия менен түз кагылыш башталып кетиши ыктымал.
Зеленскийдин абалын да түшүнүүгө болот. Согуштук аракеттер башталгандан бери эле Украина Куралдуу күчтөрү аскердик техниканын миң бирдигинен кол жууп калды. Азыр колунда аларды толуктай турган куралы жок. Россиянын Коргоо министрлигинин отчётуна ылайык, танк жана башка ок өтпөс унаалардын 1 572 бирдиги жок кылынган. Бул оголе көп көрсөткүч.
The Military Balance аналитикалык докладынын маалыматына ылайык, 24-февралга дейре Украинанын 2400 танк, ок өтпөс пехота машинасы жана БТРи болгон.
Артиллериясы да, атап айтканда, залптык октун реактивдүү тутумунун 160 орнотмосу, 633 курал жана миномёту жабыркады. Ал эми башта алардын саны 1770 чакты эле.
Булардан тышкары 320 зениттик-ракеталык комплекстин 189у кыйрады. Алардын басымдуу бөлүгү согушка жараксыз, россиялык авиацияга коркунуч туудурбайт. Ал эми украиналык Аскер-аба күчтөрү иш жүзүндө калбай калды десек болот. 215 учак жана тик учактын 184ү эми эч качан учпайт. Ошондой эле Россиянын Аба-космостук күчтөрү жана абадан коргонуу тутуму ар кыл багыттагы 246, анын ичинде түркиялык өндүрүштөгү Bayraktar TB2 учкучсуздарын атып түшүрүшкөн.