АКШ менен НАТО "дүйнөнүн жаңы тартибин" убада кылууда. Сереп

НАТОнун узаган жумада Брюсселде өткөн "чукул" саммитинде киевдик режимге курал жагынан каралашуу, Украинада химиялык же биологиялык курал (РФте мындай курал жок) колдонулуп калса, чара көрүү боюнча маселелер талкууланды.
Sputnik
Мунусу менен россиялык күчтөргө, Украинадагы согуштук аракеттерге аралашуудан оолактады. Анын алдында АКШ президенти Жозеф Байден дүйнөнүн жаңы тартибин орнотуу ниетин ортого салып, Европага болгон сапарынын жыйынтыктарынан бөлүшүүнү убада кылып, эл аралык коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Аскердик баяндамачы Александр Хроленконун колумнистикасын сунуш кылабыз.
Жаңы дегени мезгил бүктөмүндөгү эски нерсе экенин боолголосок болчудай. Түндүк атлантикалык альянстын "чукул" саммити да көз карандысыз Югославияга абадан сокку уруулар башталганына 23 жыл толгон күнгө дал келиши да бекеринен эместир. 1999-жыл сенатор Байден Белградды бомбалап, "Дриндеги көпүрөлөрдүн баарын жардырууну" сунуштаган убак эле...
Вашингтон менен Брюсселдин дарамети да бир топ, таасири да кыйла жогору, бирок АКШ менен Европа биримдиги америкалык артыкчылык уламышына же атлантикалык шериктештиктин күчүнө таянып алып, дүйнөнүн тамырын таасын туя албай, ошол эле убакта планетаны башкаруу жөндөмүнөн тайып турган чагы.
РФтин "өнөктөштөрү" Россия – Югославия эмес, НАТОнун жана батыш демократиясынын алдынкы өлкөлөрүнүн баарынын тарыхына чекит коюуга да жөндөмдүү экенин түшүнүшөт. Европа РФ менен экономикалык кызматташпаса, даңазаланган турмуш жыргалчылыгын жана туруктуулугун сактап кала албайт. "Америкалык артыкчылыктын" кысымы менен ал "Россияны жазалап", ошол эле убакта "Искандер", "Калибр" жана "Кинжалдардан" кантип жабыр тартпоого баш катырууда.
РФтин жабык аба мейкиндигинен айланып өтүү да алардын жарандык авиациясына күч келтирип жатат. Киевдин улам жаңы талаптарын күткөн НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг саммит башталардан мурда Брюссель Украинага жардам көрсөтөрүн, бирок жаңжалдашкан тараптардын бири эмес экенин, аскерлерин жибербей турганын билдирди. Анын айтымында, Украина Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 51-беренесинде каралган өзүн коргоо укугун гана жетекчиликке алышы абзел.
АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Жулианн Смит да Украинага америкалык күчтөрдү жибербей турганын тастыктап, ал эми Польшанын тынчтык орнотуучуларды киргизүү сунушу "көп суроолорду жаратарын" билдирди.
Москва да аскердик атайын операцияга үчүнчү өлкөлөрдүн кийлигишүүсүнө эч кандай альянска кылчактабастан мизин катуу кайтарарын кайталап келген. РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров 23-мартта Украинага НАТОнун кайсы өлкөсүнүн күчтөрү кирсе да, Россия менен альянстын куралдуу жаңжалын туюндурарын эскерткен.
Вашингтон "Чоң жетилик" менен "Чоң жыйырмалыкты" алмаштырып алдыбы?
БУУнун башкы катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик мурдагы күнү Украинада тынчтык орнотуу миссияларын түзүүгө аталган уюмдун Коопсуздук кеңешинин макулдугу, тийиштүү мандат, ошол миссия камсыздай турган тынчтыктын иш жүзүндө болушунда гана жол берилерин айтты. Чынында НАТОнун Югославиядагы агрессиясына БУУнун санкциялары деле керектелген эмес.
Варшаванын кооптуу долбоору (Батыш Украинанын аймагына 10 миңдин тегерегиндеги польшалык куралдуу "тынчтык орнотуучуларды" киргизүү боюнча) европалык өлкөлөрдүн көпчүлүгүнүн кызыкчылыктарына дал келбейт. Мындай авантюрага катышууга Дания менен Литва гана даай алса керек.
Миссиянын негизги милдеттери катары Украинанын батыш облустарында гуманитардык коридорлорду күзөтүү жана учушсуз зоналарды уюштуруу гана каралат. Бирок "гуманитардык жүк" деген шылтоо менен киевдик режимди курал-жарак менен камсыздоо аракети да болушу мүмкүн. Ал эми Россия кандай жагдайда болбосун учушсуз зонага жол бербейт.
Польшалык аскерлердин "өз алдынча" Украина аймагына кирген болжолдуу кырдаалда НАТОнун уставынын жамааттык коргонуу боюнча каралган 5-беренесинин күчү болбойт. Россия менен түз аскердик жаңжалда Варшава Киевден да алда канча жабыр тартып калышы ыктымал (Польшанын аймагына РФ Куралдуу күчтөрүнүн гумандуу мамилеси таралбайт).
АКШнын негизги европалык союздаштары (Франция, Британия, Италия, Германия) да Байдендин кысымы менен акча сарпташы (америкалык газды сатып алып, аскерий бюджеттерин арттырып) мүмкүн, бирок Польшага өз армиясын жана миллиондогон мекендештерин жөнөтпөйт.
Америкалык телеканалдардын биринен мурдагы күнү белгилүү саясатчы, Конгресстин өкүлдөр палатасынын мурдагы мүчөсү Тулси Габбард айым Байдендин "Кудай эместигин", дүйнөнүн жаңы тартиби тургай "кырдаалды көзөмөлдөй албаганын" ачык билдирди.
Европадагылар Ак үйдүн кожоюндарына сыйынганын токтотуп, АКШ менен НАТОдон четтегендей таасир калтырууда. Европа биримдигинин бир нече мамлекетинин коргоо министрлери жакында эле коргоо тармагын бекемдөө боюнча 2030-жылга чейинки стратегиялык планын бекитти. Континентте потенциалдуу жаңжалдарды жайгаруу үчүн 2025-жылга дейре 5000 колдон турган европалык ыкчам аракет этүүчү күчтөрдү түзүү жагы да каралган. Бул – европалык коопсуздуктун жаңы, АКШ менен НАТОну аргасыз четте калтыра турган тутумун түптөөнүн башаты гана.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батышка "гипер үндүү" эскертүү. РФтин Украина боюнча атайын операциясына сереп
Орто мөөнөттүү келечекте Украинаны батыш курал-жарагы менен жабдуу мындан ары да "афгандаштыруу", ал эми Польшаны "пакистандаштыруу" (тагыраак, Украина менен чектеш аймактарда Куралдуу күчтөрү, чет өлкөлүк жалданма аскерлер үчүн окуу борборлорун ачуу, арсеналдарды жайгаштыруу) уланышы ыктымал. Польшанын чек арага жакын аймактарын Украина Куралдуу күчтөрүнүн "ыкчам тылына" айлантуу жергиликтүү калкка жагары да арсар, бирок бул эми башка кеп.
Геосаясий мааниде Варшаванын деми 45 россиялык дипломаттын өлкө аймагына киришине тыюу салып, "террорчулукту каржылоо үчүн" деген себепти көрсөтүп РФ элчилигинин эсебине бөгөт коюу менен басылды. Байдендин Варшавага өзүнчө жасалган сапары деле абалды өзгөртүп жибербейт.
Альянстын Украина менен чектешкен дагы үч мүчөсү – Венгрия, Словакия жана Румыния украиналык согуштук аракеттер театрында Россия менен согушууга даяр эместиги айкын. Венгриялык ТИМ башчысы Петер Сийярто да бейшембиде Украина боюнча НАТОнун көз карашын туура көрөрүн, жаңжалга аралашууга жол бербестигин билдирди.
"НАТО согушкан тараптардын бири эмес. Альянс катары НАТО курал менен (Украинаны – ред. тактоосу) камсыздабайт. Бул согушту Украинанын чегинен чыгарбагыдай кылууга тийишпиз", — деди венгриялык министр.
Ошондой эле Сийярто: "Учуш зонасына тыюу салуу Украинанын аба мейкиндигиндеги согушка кептеп, ал эми аталган республиканын аймагында "тынчтык орнотуучуларды" жайгаштыруу НАТО менен Россиянын жер бетиндеги согушун тутантарын түз жана ачык айтуубуз абзел", — деп ала кушту атынан атоого чакырды.
Ал эми Болгариянын премьер-министри Кирил Петков НАТОдогу кесиптештерине мурдагы күнү Украинага аскердик жардам бербей турганын кабарлады. Ошентип, кыязы болгариялык С-300 зениттик ракеталык тутумдары боюнча сөз жабылды өңдөнөт. Анткен менен киевдик режимди курал менен жабдуу бардык өлкөлөрдүн русофобдорунун активдүүлүгү үчүн келечектүү багыт бойдон экени шексиз.
Тегин жерден украиналык президент Владимир Зеленский 24-мартта НАТОнун "чукул" саммитинде видеобайланыш аркылуу "чектөөсүз аскердик жардамды", башкача айтканда, альянстын бардык танк жана учактарынын бир пайызын сатып же акысыз негизде талап кылды.
Путиндин газ боюнча кескин талабы. Европанын башка аргасы жок
Жума ортосунда Зеленский француз парламентинде да аралыктан сүйлөп, Украинага аскердик техника жана абадан коргонуучу каражаттар жагынан көмөктөшүүнү өтүнгөн. Ушундай эле көрүнүш АКШ конгресси, Израиль кнессети, Швеция парламентинде да болду. Ошентип, Европа жана Кошмо Штаттардагы аскердик жаңжалдын негизги демилгечилеринин ачык жана тымызын колдоосу менен украиналык президенттин ультиматумдук-сезимталдык "гастролу" аралыктан дале уланууда.
АКШнын азыркы президентинин уулу Хантер Байдендин Rosemont Seneca инвестициялык фонду кезегинде Пентагондун Украинадагы аскердик-биологиялык программасын каржылаганы да ушул аптада белгилүү болду.
НАТО өлкөлөрүнүн айрымдары куралданган советтик өндүрүштөгү ок-дары жана аскердик техниканы киевдик режимге берүүгө Вашингтондун кийлигишүүсү ушундан улам таң каларлык деле эмес. Ал ортодо россиялык күчтөр тарабынан "украиналык" зениттик ракеталык комплекстер жана сокку уруучу учактары байма-бай жок кылынууда. Эске салсак, 24-февралга чейин Украина Куралдуу күчтөрүнүн истребитель жана чабуул коюучу учактары 100гө да жетчү эмес. Өткөн суткаларда эле Киевдин түштүк жагында С-300дүн он орнотмосу, төрт "Бук-М1", ал эми бир айда 200дөн ашуун зениттик ракеталык комплекси кыйратылды. Мында "көп баштуу ажыдаардын" кулактары даана байкалууда.
НАТОнун саммитинде АКШ жана анын союздаштары Украинаны кемеден коргонуучу ракеталар менен камсыздоону талкуулашты. Британия киевдик режимге 6000 бирдик көчмө ракеталык комплексин берүүгө сөз берди. Мында сырттан келген курал-жарактын басымдуу бөлүгү Украина Куралдуу күчтөрүнө жетпей, ар кандай куралдуу топ жана экстремисттердин колуна тиерин эске алуу кажет, алар бир күнү Европа биримдигинин аймагында атылып калары ажеп эмес.
Вашингтондун украиналык долбоору "араб жазынын" (Барак Обаманын тушундагы) ашынган версиясындай таасир калтырат. Анда Жакынкы Чыгышка "эгилген" демократия үрөнү өлкөлөрдү кыйроого, миңдеген адамдарды өлүмгө кептеп, калкты өтө жабыркатып кеткен.
Нацисттик киевдик режимдин толук жана кыйшаюусуз багынышы гана Украина, Европа жана дүйнөнүн Кошмо Штаттар тутантууга умтулуп жаткан чоң согуштун алааматынан сактоого кепилдик берет.
Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн дагы аткарчу иштери оголе арбын. Ошентсе да Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча баштапкы максаттары өзгөрүүсүз калат. Ал эми бул үчүн күч жана каражаттары жетиштүү.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Балтиканын сырттандары" жардан нары секирүүгө белсендиби?