БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Жазында иммунитетти чыңдоо үчүн кайсы азыктарды жеш керек экенин Sputnik радиосуна диетолог, медицина илимдеринин кандидаты Елена Соломатина айтып берди.
Кышта алсыраган организмди калыбына келтирүү үчүн витамин, антиоксидант жана клетчаткага бай азыктарды колдонуу зарыл.
"Жаңы бышкан жашылча, мөмө-жемиш жок болгондуктан кургатылгандарын колдонууга болот. Маселен, ачытылган капуста, кургатылган кара карагат, болгар калемпири, цитрус өсүмдүктөрү С витаминине бай", — деди адис.
Диетолог жазгы рационго теплицада өстүрүлгөн чамгыр менен ашкөктөрдү кошууга кеңеш берди.
Организм жазында А, В, D жана E витаминдерине муктаж. Булардын жетишсиздигин азыктар менен толтурса болот.
"В витамини кесек ундан жасалган нанда, эт азыктарында, акшакта, ал эми E витамини өсүмдүк майында, күн карамада, жаңгакта, ошондой эле А витамини каймакта, ак майда, жумуртканын сарысында, D витамини майлуу балыкта, треска балыгынын боорунда бар", — деди Соломатина.
Ошондой эле диетолог боткого зыгырдын уругун кошууну сунуштады.