Сергей Савчук
Ошондой эле мындай чечим кабыл алынган 23-март РФтин тарыхына кирери шексиз деген ойдо серепчи Сергей Савчук. Анын ушул туурасындагы макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Дүйнөлүк банктын баасына караганда, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча, рыноктогу жаратылыш газынын жалпы көлөмү 446 миллиард долларды түзгөн. 2021-жылдын тыянагы азыр тактала элек, бирок соода көлөмү 553 миллиард долларга, ал эми 2025-жылы адистер бул көрсөткүч 758 миллиард долларга чыгарын болжоп жатышат.
Буларды саноодо эсептешүү валютасы катары, албетте, америкалык долларды айтып жатканыбыз түшүнүктүү. Себеби көгүлтүр отту сатуу-сатып алуу операцияларынын 80 пайызы дал доллар менен жүргүзүлөт. Дал ушул жагдай да – ондогон жылдар бою америкалык каржылык үстөмдүктү жараткан эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдүн бири.
Өз кадамдарынын натыйжасында айрым өлкөлөр россиялык газды рубль менен сатып алып же көнүп калган долларга арзанын издеп жөнөөгө туура келген заман башталууда. Бул жаңы эрежелер Россия Федерациясынын президентинин 2022-жылдын 5-мартындагы жарлыгына ылайык, Украина, АКШ, Европа биримдигине мүчө-өлкөлөр, Улуу Британия, Канада, Австралия, Япония, Сингапур, Тайвань, Норвегия, Түштүк Корея, Лихтенштейн, Монако жана Андоррага тиешелүү.
Тизмедеги өлкөлөрдүн ичинен жагдай Кошмо Штаттарда гана түзүк, анткени суюлтулган газды экспорттоо көлөмү боюнча жакында Австралия менен Катарды артка калтырып, алдыга суурулуп чыкты.
Ал эми Вашингтондун жетегинде калган Европанын табигый газ жаатындагы абалы көңүл жубатарлык эмес. Дегеле Россия камсыздап келген көлөм жана схемаларды, өлкөлөрдү толук тизмектей келсек, жүз барак да аздык кылары ырас. Ошондуктан Европа биримдигине мүчө-өлкөлөрдү карап көрөлү. Мисалга Германияны алалы. Бул – РФтин негизги соода өнөктөшү, ошону менен бирге эле биримдиктеги эң бай өлкө.
Статистикага таянсак, 2020-жылы Германия россиялык газдан 155 миллиард кубометрди сатып алган. Эске салсак, Берлин өзүнүн энергетикалык керектөөсүн канааттандырууга 75 миллиардын сарптап, калган бөлүгүн кайра сатып, бюджетин толуктайт. Узак мөөнөттүү келишимдердин шартына ылайык, россиялык газ немецтерге 850 доллардан берилчү. Ал эми азыркы тапта TTF биржасында келерки айга фьючерстер 1 300 доллардан ашты (бир аз мурун 2 500гө чыкканы белгилүү).
Алдын ала сезгендей, германиялык маалымат каражаттары газ жаатында бир катар макалаларды чыгарды. Мисалы, экономика жана энергетика министри Роберт Хабек россиялык газдан баш тартуу Германиянын жарандарына зыян алып келип, немецтер арасында жапырт кедейчилик жумушсуздукка кептей турганын билдирди. Россиялык жаратылыш газы менен камсыздалуудан 55 пайыз, көмүр – 52 пайыз, мунай өндүрүмдөрүн алуудан 34 пайызга көз каранды болгон өлкөнүн экономикасы Москва менен соода-экономикалык байланыштарынын заматта үзүлүшүн көтөрө албайт.
Хабектин билдирүүсүнөн соң Die Welt таблоиди анын министрлигиндеги булактарга таянуу менен атайын алгоритмдер аркылуу адистер россиялык газдан толук баш тартуу кандай абалга тушуктурарын болжошкон. Виртуалдык краш-тест эгер Россиядан жаратылыш газы келбесе, өлкө боюнча жылуулук тутуму иштебей каларын, суук тийип, сасык тумоонун, эл үйүн жылытыш үчүн жылыткычтарды пайдалангандыктан өрт учурлары да көбөйөрүн элестүү көрсөткөн.
Эң зарыл товарлардын, дарыкана, дарылоо мекемелери жана карыялар үйү өңдүү социалдык объектилерде дары-дармектин таңсыктыгы да жоромолдонгон. Газдын жоктугу жеңил, тамак-аш өнөр жайларын, мал чарбасын да дээрлик кыйратары бышык. Себеби бул тармактардын керектөөсүнүн жарымын россиялык транзит камсыздайт. Ал эми ун азыктары өзгөчө белгиленген. Газдан толук баш тартуу дал ушул өндүрүмдүн баасын кескин кымбаттата турганы айкын. Энергетикалык аспектилерден тышкары эгин Россия менен Украинадан импорттолот. Расмий статистикада бул эки өлкөгө жалпы көлөмдүн 26 пайызы таандык.
Азыркы кырдаалдан улам Украинада айдоо-себүү иштери быйыл үзгүлтүккө учурады. Ал эми Россиянын өз керектөөсүн жана калкын камсыздоо үчүн данды экспорттоого катаал чектөөлөрдү киргизип, квотаны 11 миллион тоннага кыскартты. Чектөөлөр 30-июнга чейин, бирок узартылып калышы ыктымал. Россиялык ресурстардан, атап айтканда газ, көмүр жана мазуттан баш тартуу аталган мамлекетте электр кубатын иштеп чыгуу тармагын дароо 25 пайызга кыйратат. Буга атомдук сектордун да 11 пайызын кошсок болот.
Олаф Шольцтун өкмөтү акыркы үч атомдук энергетикалык блокту жыл аягына чейин жабуу чечимин кабыл алганын эске салалы. Турмуш деңгээли жогору, өнүккөн оор өнөр жайы бар өлкөнүн бүтүндөй электр тутумунун үчтөн биринен ашуунун түзөт. Эми Владимир Путиндин билдирүүсү да Европаны, анын ичинде Германияны апкаарытып, катуу санаага салып койгону байкалууда.