"Келгиле, асмандан жерге түшүп... Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун толугу менен камсыздай аларыбызды элге дароо жарыялаш керек. Кандай жол менен? Иш-чаралардын планын чыгаргыла, себеби өлкөдө тартыштык жок экенин ар бири билиши керек. Финансы министри, экономика жана коммерция министри, өзгөчө кырдаалдар министри, керт башыңар менен жооп бересиңер. Бизде канча ун, май, кумшекер бар, каяктан алса болот, божомолдор тууралуу айткыла. Алдын ала иштегиле, балдар! Эртең май жок калды деп отурбайлы. Буга ким жооптуу болсо күн мурунтан келишимдерди түзүп, бардык өнөктөштөрүңөр менен иштегиле. Эгер азык-түлүк коопсуздугу тууралуу кандайдыр бир маселе жаралса, ушул үч министр керт башыңар менен жооп бересиңер! Тынымсыз кыймылдагыла, чыккыла, иштегиле!" — деп кайрылды Ташиев.