Кыргызстанда ун, кумшекер, май чыгарган канча ишкана бар? Тизме

Sputnik агенттиги Кыргызстанда ун, өсүмдүк майы жана кумшекерди канча ишкана өндүрөрүнө жана алардын канчасы учурда иштеп жатканына кызыгып көрдү.
Sputnik
Кыргызстан Тегирменчилер ассоциациясынын президенти Рустам Жунушевдин айтымында, Кыргызстанда жалпы жонунан ун чыгарган 30 комбинат бар. Учурда анын 26сы иштейт.
"Тегирмендердин кайра иштетүү кубаттуулугу жакшы. Ун керектүү көлөмдөн 20 пайызга көп чыгарылат, болгону буудай үзгүлтүккө учурабай келип туруш керек. Дан азыктарынын 90 пайызы Россиядан келет. Эгер ал жакта көйгөй жаралса, буудайды Казакстандан деле алсак болот, бирок кымбатка түшүп калат. Эгер буудайдын баасы көтөрүлсө, анда ал жактан буудай эмес ун алып келгенге мажбур болобуз. Эл ун жок калат деп кабатырланбай эле койсо болот. Азыр запас жетиштүү", — деген Жунушев.
Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков дан азыктарын Россиядан алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.
Кыргызстанда кумшекер чыгарган ишканалар
Кумшекерди Кыргызстанда үч компания өндүрөт. Эң ириси — "Кайыңды-Кант" комбинаты. Буга чейин айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков "Кайыңды-Кант" ишканасынын кампасында 11 миң тонна кумшекер, фермерлерде 8,5 миң тонна бар экенин айтып, импортчулар 1,5 миң тонна алып келгенин белгилеген.
Кыргызстанда өсүмдүк майын чыгарган ишканалар
Өсүмдүк майын өндүргөн жети ишкана болсо, учурда анын ичинен алтоо иштейт. Ал эми "Ынтымак" дыйкан чарбасы сырьё жоктугуна байланыштуу ишин убактылуу токтоткон. Белгилей кетсек, Кыргызстан өсүмдүк майы менен ички керектөөнүн 25 пайыздан ашыгыраагын гана камсыздайт. Өсүмдүк майы көбүнчө Россия менен Казакстандан ташып келинет.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Жыл соңуна чейин кумшекер менен суу майга кошумча нарк салык алынбайт