Кыргызстанда адвокат болом дегендер лицензия алуу үчүн тест тапшырат

Буга чейин түзүлгөн тизмеге ылайык, ага 100дөн ашык адам катышып министрликте квалификациялык тестирлөөдөн өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүүнү көздөгөн Кыргызстандын жарандары лицензия алуу үчүн атайын тестирлөөдөн өтөт. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, каалоочулар тестирлөөгө 24-26-март күндөрү катыша алат.
"Квалификациялык тестирлөөнү ийгиликтүү тапшыргандарга бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан адвокаттык ишти жүргүзүү укугун берген лицензия берилет. Ал эми андан өтпөй калган талапкерлер тестти алты айдан кийин гана кайталап тапшыра алат", — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин түзүлгөн тизмеге ылайык, ага 100дөн ашык адам катышат.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Чочулап жатышат. Аткаминерлер ката кетирсе жазалабоо сунушталды
Радио
Салиев: соттук экспертиза жүргүзүү укугун жеке тараптарга берүү туура