Нооруз – жандануунун башаты! Садыр Жапаровдун куттуктоосу

Мамлекет башчы кыргыз элин майрамы менен куттуктап, ынтымак, береке, ийгилик, бардар турмуш жана бакубат жашоо каалады.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, бул жакшы тилек-пейилдердин майрамы экенин эске салды.
"Бул майрам миңдеген жылдык тарыхы бар, мааниси-мазмуну терең майрам. Табият уйкудан ойгонгон күнү адамзат менен жаратылыштын ортосундагы бир бүтүндүктүн, гармониянын белгиси катары жүрөгүбүздө да аруу ниеттер, жакшы тилектер ойгонот. Эзелтеден эле ата-бабаларыбыз жер жарылып көк чыккан, күн менен түн теңелген ушул күндү жаздын, жаңылануунун майрамы катары белгилеп келишкен. Бири-бирине чын пейили менен куттук айтып, аруу тилектерин тилеген", — деп айтылат өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан куттуктоодо.
Ошондой эле президент бул күнү мамлекеттин өнүгүшү үчүн конкреттүү иш-пландардын жүзөгө ашуусуна тилек кылуу керектигин кошумчалайт.
"Эл кызматындагылар саясатты экинчи планга коюп, эл-журттун камы, экономиканын өнүгүшү үчүн ишенимдүү кадамдарды жасай баштады. Бийлик бутактары бир максатты көздөп, бир багытта иш алып барууну колго алды. Ынтымагыбыз артып, элдин үмүт-тилегин аткаруу үчүн ар бирибиз адал эмгек менен Кыргызстандын жаркын келечегин курууга, экономикасын өнүктүрүүгө салым кошолу деген ниетибизден жанбайлы", — деди ал.
Сөзүнүн соңунда президент кыргыз элине ынтымак, береке, ийгилик, бардар турмуш жана бакубат жашоо каалады.
Бүгүн кайда эс аласыз? Ноорузга карата өтчү майрамдык иш-чаралардын тизмеси
Баткенде сүмөлөк кайнатып жаткан Садыр Жапаров жана биринчи айым. Фотофакт