Кыргызстандыктар Ноорузду кандай майрамдап жатышат. Видео, сүрөт

Бишкектеги концертке театр артисттери жана эстрада жылдыздары катышууда. 15:00дөн тарта "Ынтымак", "Ынтымак-2" жана "Ден соолук" парктарында массалык сейилдөөлөр башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамынын урматына концерт өтүп жатат.
Ага театр артисттери жана эстрада жылдыздары катышууда. 15:00дөн тарта "Ынтымак", "Ынтымак-2" жана "Ден соолук" парктарында массалык сейилдөөлөр башталат.
1 / 4

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамынын урматына концерт өтүп жатат

2 / 4

Ага театр артисттери жана эстрада жылдыздары катышууда

3 / 4

15:00дөн тарта "Ынтымак", "Ынтымак-2" жана "Ден соолук" парктарында массалык сейилдөөлөр башталат

4 / 4

Борбордук аянт түн ортосуна чейин жабык турат

Борбордук аянт түн ортосуна чейин жабык турат.
Президент Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусунда жүрөт. Ал эми Бишкектеги концертке өкмөт башчы Акылбек Жапаров күбө болду.
Ноорузду Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжи (БМПК) да белгиледи. Майрамга райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, Бишкек шаарындагы мектептердин, бала бакчалардын директорлору, мектеп окуучулары, шаардын тургундары, БМПКнын жамааты, студенттери катышкан.
1 / 2

Ноорузду Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжи да белгилеп, майрамга билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү да чакырылган

2 / 2

алтанатка райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, Бишкек шаарындагы мектептердин, бала бакчалардын директорлору, мектеп окуучулары, шаардын тургундары, БМПКнын жамааты, студенттери катышкан

Окуу жайдын короосуна эки боз үй тигилип, улуттук тамак-аштын, улуттук кийимдердин көргөзмөсү, спорт оюндары уюштурулган. Келген конокторго концерттик программа тартууланды — "Манас" айтылып, элдик, классикалык чыгармалар, хор аткарылган. Кыдыр Ата, Умай Эне, Баба Дыйкан улустун улуу күнүндө тилегин айтып, элге жакшылык, аманчылык каалаган.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Нооруз – жандануунун башаты! Садыр Жапаровдун куттуктоосу