Садыр Жапаров Нооруз майрамын Баткенден тосот

Мамлекет башчы эки күндүк сапардын алкагында бир нече иш-чарага катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 20-21-мартта эки күндүк иш сапар менен Баткен облусуна барат. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди
Жапаров иш сапардын жүрүшүндө Лейлек районундагы Исфана шаарынын аталышын Раззаков деп өзгөртүүгө байланыштуу иш-чарага катышат. Ошондой эле мамлекет башчынын Нооруз майрамына карата мааракелерге да катышуусу күтүлүүдө.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Исфана шаарынын аталышы Раззаков болуп өзгөрдү. Мыйзамга президент кол койду